28-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн отурумунда билим берүү министрлиги окуу китептерин ката менен бастыруу маселесин чечиши керек деп билдирди. Абылгазиевдин айтымында, министрдин кол тамгасы жок болсо окуу китептери басмаканага басууга жөнөтүлбөшү керек. Ал окуу китептери үчүн билим берүү министри жооп бериши керек деп эсептейт.
«Улуттук банктагыдай кылыш керек деп ойлойм: акча бастырылып жатканда башчы кол коёт. Ошондой эле ар бир китепте министрдин колу турушу керек, андан кийин китеп басмаканага жөнөтүлүшү керек. Сиз, билим берүү жана илим министри муну катуу көзөмөлгө алышыңыз керек», — деди ал.
Ал мектеп китептерин чыгаруунун бирдиктүү стандартын иштеп чыгууну сунуштады.
Анын айтымында, бул стандарт бир эле мектептерге гана тиешелүү болбойт — ата-энелер базардан кандай китептерди сатып алып туруу керектигин билип турушат.
«Эмнеге биз контрафакт китептерин колдонобуз? Бул балдардын колу менен оозуна барып түшкөн сапатсыз боёк», — деп билдирди Абылгазиев.
Билим берүү жана илим министрлигинин башчысы Гүлмира Кудайбердиева ведомство китептерди басып чыгаруу тууралуу жаңы жобо иштеп чыгарылганын айтты.
«Китептерге автордук укук басмаканаларга таандык болот. Процесстин бардыгына алар жооп беришет — иштеп чыгууга, апробацияга, басып чыгарууга. Билим берүү министрлиги буйрутма берүүчү болот», — деди ал.
Кудайбердиева мурда автордук укук министрликте болгону менен китеп басып чыгарууга мүмкүнчүлүгү жок болгонун эске салды.
«Мындан тышкары, китептин сапаты үчүн кимиси жоопкерчилик тартаары так сүйлөшүлгөн эмес», — деп кошумчалады Кудайбердиева.
2018-жылы журналисттер катасы бар мектеп китептери тууралуу бир катар материалдарды жарыялашкан, мисалы, 6-класстын окуучулары үчүн география жана 5-класстын окуучулары үчүн табият таануу боюнча китеп.
Башкы прокуратура ББМ бул китептерди басып чыгарууга Дүйнөлүк банктан грант жана насыя катары алынган 32 млн сомдон ашуун каражатты коротконун аныктаган.
Ошондой эле «Клооптун» журналисттери физика боюнча китепте жүздөгөн грамматикалык каталарды жана туура эмес формулаларды табышкан. Анда Билим берүү министрлиги 2017-жылдын ноябрына чейин басып чыгарылып аткан китептердин мазмунун таптакыр текшербегени аныкталган. Ал китептер үчүн жыл сайын ондогон миллион сом коротулган.