«Баа жеткис карызым бар». Жол кырсыктын катышуучусу Садыр Жапаровдон кечирим сурады

Видео кайрылуу 3-сентябрда жарыяланган. Видеодо жүзү жашырылган киши учурда абактагы экс-депутат Садыр Жапаровго кайрылып кечирим сураган. Ал катышкан жол кырсыгында Жапаровдун уулу каза тапкан.

Анын айтымында, кырсык болгондон кийин ал Дастан Садыр уулунун үй-бүлөсү менен төрт күн чогуу жүргөн.

«Ушунчалык мээримдүү, кайрымдуу, кечиримдүү үй-бүлө экен. Мен Дастан дагы ушундай киши болчу деп ишенем. Аны түшүнүп мага эки эсе оор болуп жатат. Жакын арада өзүм ата болгом. Ата-эненин жүрөгүндө күйгөн өрттү мен дагы сезип, жүрөгүм жарылгыдай болуп жатат. Дастандын жалпы үй-бүлөсүнөн кечирим сурайм. Садыр Нуркожоевичтин баласынын ордуна мен бала болуп бергенге даярмын. Келинчегим келин болсун, кызым небереси болуп берсин», — деп айткан видеодогу киши.

Ал «өмүрүн аягына чейин жанында болоорун» кошумчалаган. «Баа жеткис карызым бар [...] Кудайдан, бүткүл элден жана жүргүнчү кыздын үй-бүлөсүнөн кечирим сурайм», — деди ал.

Мурдараак Жапаровдун тарапташы жана активист Мелис Аспеков экс-депутат жол кырсыгына катышкан айдоочунун кечиргенин билдирген. Аспекордун айтымында, Жапаров окуяны кокустук деп атаган.

Дастан Садыр уулу кырсыкка Көк-Жар айылында 22-августта кабылган. Милициянын маалыматы боюнча, ал башкарууну жоготуп унааны сүзгөн. Маркул 28-августта Ысык-Көлдө жерге берилген.

ЖАМК Садыр Жапаровду абактан уулунун тажыясына коё берген. Экс-депутатты Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга күнөөлү деп табылган. Ал 11,5 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абак жазасына тартылган, бирок Каптагаев Жапаровго болгон доодон баш тарткан.

Кийинчерээк Жогорку сот жаңыдан күчүнө кирген Кылмыш кодексине байланыштуу ишти кайрадан карап чыгып абак мөөнөтүн 10 жылга кыскарткан.