Сүрөт: «Клооп» үчүн Азамат Каработоев

Талас облусунун Миң-Булак айылындагы жаңы мектептин курулушу 2015-жылы эле башталганы менен төрт жыл ичинде имараттын болгону фундаменти менен биринчи кабаттын дубалы гана тургузулган. Учурда окуучулар билим алууга мажбур болуп аткан мектеп 2009-жылы авариялык абалда деп табылган — бул деген эгер кокус жер титирөө болсо имарат кулап калышы мүмкүн дегенди айгинелейт.

Талас облусунун Миң-Булак айылындагы мектеп 1937-жылы курулган. Завуч Айгүл Жумакееванын айтымында, мугалимдер жыл сайын имаратта косметикалык ремонт жасашат, бирок мектеп эч качан капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.

Талас: Балдар он жылдан бери авариялык абалга кептелген мектепте окуп келишет

Талас облусунун Миң-Булак айлындагы Досмамбет Батырбашев атындагы мектеби 1937-жылы курулган. 2009-жылы мектеп авариялык абалда деп табылган — демек бул жер титирөө болсо имарат кулап калышы мүмкүн дегенди айгинелейт. 2015-жылы жаңы мектеп курула баштаган, бирок төрт жыл ичинде имараттын болгону пайдубалы менен 1-кабатынын дубалы гана курулган.

Posted by Kloop кыргызча on Friday, September 6, 2019

Жалпысынан мектепте 630 бала окуйт. Беш жыл мурун эле алар бир корпуста билим алышчу, бирок окуучулар үчүн орун жетишсиз болгон. Бүткүн дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы 2014-жылы авариялык абалдагы мектептен алыс эмес жерге жаңы корпус куруп беришип, ал жакка кичи классттардын окуучулары которулган.

Ошентсе да калган окуучулар эски мектепке барып окууга аргасыз болушууда. Имарат аянычтуу абалга кептелген: полдору түшүп, шыбы урап, ал эми дубалдын тышкы бети урай баштаган.

Сүрөт: «Клооп» үчүн Азамат Каработоев

Мектептин имараты 2009-жылы эле авариялык абалда деп табылганы менен балдар ал жерде аргасыздан окушат, анткени ал айылдагы жападан-жалгыз мектеп.

«80 жылдан бери дубалдын сапаты бузулган. Түртүп койсоң кулап калган абалда [...] Эгер кокус 6-7 балл менен жер титирөө болчу болсо, бул мектеп биринчи кезекте эле кулап калышы мүмкүн», — деп айтып берди «Клоопко» курган маегинде Бакай-Ата районунун архитектура жана курулуш агенттигинин башчысы Бакыт Байсалов.

Сүрөт: «Клооп» үчүн Азамат Каработоев

Бийлик жаңы мектепти 2015-жылы эле куруп баштаган. Имарат эки блоктон турат деп пландалган: биринчисинде окуу бөлмөлөрү, экинчисинде спортзал, душ бөлмөлөрү жана ажатканалар жайгашат. Эски мектепте спортзал менен душ бөлмөлөрү жок, ал эми ажатканасы эшикте жайгашкан.

Миң-Булактагы жаң мектептин курулуп бүтө элек имараты. Сүрөт: «Клооп» үчүн Азамат Каработоев

Төрт жыл өткөндөн кийин жаңы мектеп курула турган жерге фундамент куюлуп, 1-кабаттын дубалы гана тургузулган. Курулуш иштери качан бүтөөрү белгисиз, анткени аны бүтүрүү үчүн 102 млн сом керектелет, бирок бийлик төрт жыл ичинде 29,5 млн сом гана бөлгөн.

Материал жактыбы? Сиз да бюджеттик мониторинг боюнча колдонмону пайдалануу менен ушундай материалдарды жасай аласыз. Android үчүн колонмону бул жерден жүктөп алсаңыз болот.

Бул тема боюнча кошумча: