Комуз күнүн белгилөө. Сүрөт: Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы 

Баткен шаарында 9-сентябрда комуз күнү белгиленди. 250 комузчу белгилүү кыргыз күүлөрүн чертип, майрамдык салтанат жөө жүрүш менен коштолду.

Ошондой эле, аймактарда да комуз күүлөрү жаңырып, атайын иш-чаралар өткөрүлдү. Ош шаарында 500 комузчу «Маш ботой» күүсүн чертсе, Жалал-Абадда комуз күүлөрү сахналаштырылган көрүнүштөр менен коштолду.

«Коомду консолидациялоо жана элдин биримдигин бекемдөө», андан тышкары, «этностук коомчулуктардын маданияттар аралык диалогун кеңейтүү» үчүн 9-сентябрь — комуз күнү деп жарыяланган. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 29-июлунда кол койгон.