Чек арадагы жаңжал. Максат айылынын тургундары эвакуацияланбайт

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «Клоопко» маалымдагандай, учурда абал туруктуу болгондуктан Максат айылынын тургундары эвакуацияланбайт.

«16-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуулар учурунда Максат айылынын жашоочулары үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугу үчүн коңшу айылдарга кетип жатышкан. Бирок 21.30да ок атышуу токтогондон кийин тургундар өз үйлөрүнө кайтышты», — деп билдирди Бердикулова.

Буга чейин Баткен облусунун башчысы Акрам Мадумаров «Азаттыкка» курган маегинде элдин коопсуздугун сактоо боюнча жергиликтүү бийлик органдарына тийиштүү тапшырма берилгендигин жана эвакуация маселеси каралып жатканын айткан.

Кыргызстандын чек ара кызматы маалымдагандай, 16-сентябрда орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан бир аскер каза таап, 13 киши жарадар болгон. «Азия-Плюс» басылмасы жаңжалда тажикстандык 3 аскер курман болгондугун билдирди. «Озоди» үналгысы 12 адам жабыркап ооруканага жеткирилгенин маалымдоодо.

Кыргыз тараптын версиясы боюнча, жаңжалдын чыгышына Тажикстан такталбаган аймакта курулуш иштерин токтотпогондуктан, буга жооп катары аталган жерде жашаган Кыргызстандын жараны үйүнүн аймагына тосмо орното баштаганы себеп болгон. Тажик аскерлери биринчилерден болуп курал колдонуп, алгач Максат кыргыз чек ара постун, андан кийин Сай убактылуу чек ара постун аткылашкан.

Бирок Тажикстан тарап чек арадагы абал кыргыз аскерлеринин айынан курчуп кеткенин билдирген. Тажикстан УКМКсынын чек ара аскерлеринин маалыматына ылайык, кыргызстандыктар 16-сентябрь күнү кечинде «мурда кол коюлган келишимге карабастан, белгисиз курулманы» кура башташкан. Андан кийин куралсыз жарандарга ок чыгарышкан.