Чек ара чырында жарадар болгон беш адамга операция жасалат

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жабыркагандардын абалы туруктуу, бирок окторду алып чыгуу үчүн хирургиялык кийлигишүү талап кылынат.

Врачтар жарадар болгондорго операцияны Бишкектин травмотология жана ортопедия борборунда жасашат. Мындан тышкары ийинине ок тийип жарадар болгон 14 жаштагы балага да операция кылынмакчы.

«Бейтаптардын бардыгына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө, [алар] толук түрдө дары-дармек менен камсыздалып, дарыгердердин кароосунда болушууда», — деп билдиришти министрликтен.

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жабыркагандар 17-сентябрда учак менен Бишкекке жеткирилген. 16-сентябрь күнү кечинде Максат айылынын жанында атышуу болуп, кыргыз чек арачысы каза таап, дагы 13 адам жарадар болгон.

Кыргызстан менен Тажикстан орун алган окуя үчүн күнөөнү бири-бирине оодарышууда. Башында тажик бийлиги 12 адам жарадар болгонун кабарлаган, бирок кийинчерээк атышуу учурунда өлкөнүн үч аскер кызматкери каза тапканын кабарлашкан.