Кожобек Рыспаев чек арада каза тапкан аскердин үй-бүлөсүнө бир күндүк айлыкты которууну сунуштады

Эл өкүлү Кожобек Рыспаев 18-сентябрда депутаттарга милдеттерин аткарып жатып каза тапкан жоокерлердин үй-бүлөлөрүн материалдык жактан колдоону сунуштады.

«Чек арада чыр чыгып, чек арачы каза тапты. Артында үч баласы калды. Жакында эле Кой-Таш окуясында да спецназчы каза тапты. Анын да үч баласы калды. Келгиле ар бир үй-бүлөгө бир күндүк маянабызды которолу», — деп келтирет «Азаттык» Рыспаевдин айткандарын.

Ал эми спикер Дастан Жумабеков парламенттин регламенти мындай чечимди токтом менен кабыл алууга жол бербесин билдирип, Рыспаевдин сунушуна макул депутаттар айлыкты которууга макулдук берүү жөнүндө документке кол коюулары керектигин айтты.

Кыргызстандын чек арачысы Равшан Муминов 16-сентябрь күнү кечинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда каза тапкан. Анда 13 адам жарадар болуп, кийинчерээк жабыркаган он адам Бишкекке дарыланууга жөнөтүлгөн.

Ал эми УКМКнын атайын «Альфа» бөлүгүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штур алуу учурунда каза тапкан.