Сүрөт: Султан Досалиев

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын (ДКО) өткөрүү укугу Түркияга берилгени менен Кыргызстандын бийлиги Таласта өзүнүн көчмөндөр оюндарын өткөрдү жана аны Улуттук көчмөндөр оюндары (УКО) деп аташкан. Оюндар сентябрдын 16сынан 21ине чейин уланып, экинчи УКОну өткөрүү укугу Ошко берилген. Бирок, Оштогу оюндар 2021-жылы өтөт, анткени 2020-жылы Кыргызстан Түркиядагы ДКОго катышмакчы.

Коомдук тармактардын колдонуучулары жана ЖМКлар Таластагы оюндар башталаар алдында мамкызматкерлерди иш-чараны өткөрүүгө белгилүү бир сумманы берүүгө кыстап жатышат деп билдиришкен, бирок бийлик муну төгүндөгөн. Ошондой эле, колдонуучулар ипподромдогу аяктай элек оңдоп-түзөө иштеринин айынан конокторду кабыл алууга даяр эместиги тууралуу кабарлашкан, ал эми бийлик муну «маанилүү эмес иштер» деп атаган.

Анткени менен ат майдан оюндардын өткөрүлүшүнө даяр болуп, анда иш-чаранын ат оюндары болуп өткөн. Мамкурулуш агенттигинин маалыматы боюнча, ипподромдун реконструкциясына 30 млн сом сарпталган.

Улуттук көчмөндөр оюндарын даярдоо иштерин Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөргөн команда аткарган.