Таластагы көчмөндөр оюну: Ипподром ачылыш күнүндө оңдолуп жатат

Сүрөт: Касым Рахманкулов

15-сентябрда журналист Касым Рахманкулов фейсбуктагы барагында Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндары өтө турчу ат майданы мелдеш өткөрүүгө даяр эмес экенин билдирген. Анын айтымында, ат майданды оюндарга даярдоо үчүн «курулушчулар үч сутка укташкан эмес».

Уже завтра, 16-сентября, не октября, а сентября начинаются игры кочевников. Ну а истинному кочевнику "көлүк көчөрдө...

Posted by Kasym Rakhmankulov on Sunday, September 15, 2019

«[Тосмолорду] жаанда сырдап жатышат, отургучтарды эми гана кадап атышат, бул түндүктөрдү тосмолорго ширетише да элек, вип аймактагы кыштарды коюп бүтүшө элек», — деп билдирди ал.

«Клооптун» кабарчысы Азамат Каработоев ипподромдогу оңдоп-түзөө иштери дагы деле уланып жатканын кабарлады. Анын айтымында, курулушчулар арканы ремонттоп, дубалдарга орнотула турган түндүктөрдү боёп жатышат.

«Клооп» үчүн Бекбосун Маратбек уулунун сүрөтү

Мамкурулуш агенттигинен «Клоопко» билдиришкендей, «ат майданда оңдоо иштеринин бардыгы бүткөн». Алардын маалыматына ылайык, стадионду реконструкциялоого 30 млн сомго чукул каражат кеткен.

«Уюштуруу иштери гана калды — көрнөктөрдү кечкиге чейин илип бүтүрүү. Кечээ оюндун башталышына таасир эте албаган анчейин деле маанилүү эмес иштер жүргүзүлгөн», — деп билдиришти ведомстводон.

Биринчи Улуттук көчмөндөр оюндары Таласта 16-сентябрдан 21-сентябрга чейин болуп өтөт. Кыргызстандын бардык жеринен келген спортчулар көк бөрү, тогуз коргоол жана башка улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдешишет.