«Пикир» рубрикасында жарыяланган материалдар автордун жеке көз карашын билдирет.

Айсулуу Тыныбекова өткөн жума күнү күрөш боюнча өткөн дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынып, тарых барактарын жаңыртты.

Бирок көпчүлүктүн кубанычын бир кумалак чиритти: бир учурда коомдук тармактарда «Айсулуу Тыныбекова — чыныгы эркек» деген өңүттө жазылган посттор жарыялана баштады.

«Кыргызстанда эки эле эркек бар: бири — Валентина Шевченко, экинчиси — Айсулуу Тыныбекова» деген фраза катуу тарап кетти.

Эскертме: Валентина Шевченко — Кыргызстандын спортчусу, ал муай-тай боюнча дүйнө чемпионатын 11 жолу, кикбоксиң боюнча дүйнө чемпионатын үч жолу уткан, ал эми 2018-жылы биринчи жолу эң жеңил салмактагы категорияда мушташтын аралаш түрү боюнча UFCнин чемпиону болгон.

Шевченко жана Тыныбекова тууралуу тараган фразаны ар ким ар кандай чечмеледи. Ал тургай эстафетага Кыргызстандын АКШдагы мурдагы элчиси Кадыр Токтогулов да кошулду:

«Эркек» деп атоо менен эркектер эмнегедир спортчу кыз-келиндерди мактап атабыз деп ойлошот.

Бирок, менин көз карашым боюнча, кыз-келиндерди антип атоо — бул мазактоо. Албетте, сизде сөз эркиндиги бар жана аларды кандай кааласаңыз, ошондой атай аласыз. Бирок чындап эле бул тарыхый жетишкендикти ушундай мазактаган салыштыруу менен белгилегиңиз келеби?

Кыргызстандын эркек балбандары Тыныбекованын ийгилигине жакындашкан да эмес. Айсулуу турнирлерде утуп жүргөндө аспабы бар балбандардын көпчүлүк бөлүгү эмне кылып жүрүштү? Кайсы бир шарттуу Райым Матраимовдун жүгүрүгү болуп иштеп жатышабы?

Кыргызстандагы, атүгүл дүйнө жүзүндөгү эркектердин бардыгы, жалпылап айтканда, абдан эле коркунучтуу келишет. Эркектер артыкчылыктарын колдонуп бийликти ээлеп алышкан, ошол эле кезде согуштун баарын чыгарып, адам өлтүрүү менен зордук-зомбулуктун басымдуу бөлүгүн жасаган да ошолор.

Ийгиликтүү аялды «эркек» деп атоо — бул анын оңой жол менен келбеген бардык жетишкендиктерине түкүрүү.

«Эркек» менен «сонун» сөздөрүн теңөө — бул аялдардын ийгиликтеринин кезектеги кадырын кетирүү. «Аял укмуштуу ийгиликке жетишкенде гана жөнөкөй эркектин деңгээлине жете алат» деген ойду бүткүл дүйнөгө билдирип жатасыңар. Дал ушундай ой жүгүртүү сексизм менен басмырлоону, а перспективада зомбулукту да пайда кылат.

Ошол эле учурда биз, эркектер, аялдарга профессионалдык жактан, өзгөчө патриархалдык коом «эркектердики» деп эсептеген жумуштарда ийгиликтерге жетишүү канчалык оор экенин элестете да албайбыз. Ишенип койгула, спорт менен машыгуу да бул категорияга кирет.

Мунусу аз келгенсип эркектер, негизинен өздөрү аялдардын карьералык жолунда ошол тоскоолдуктардын бардыгын жаратышып, алар андан өтүп кеткенден кийин аны «эркек» деген сөз менен ушинтип текеберлик менен мактап коё алабыз деп эсептешеби? Койгула! Мынчалык акмак болбогула.

Айсулуу Тыныбекова акыр-аягы жок сексизм түрүндөгү азап-тозоктун баарын башынан өткөрүүгө аргасыз болгон. Ал эми азыр ал алтын медаль утуп алгандан кийин баары атагына жабышкылары келүүдө. Кыпчылсаңар сексизм жок эле кыпчылгыла да.

Дагы бир гениалдуу кыргыз айымы Асел Сартбаеванын өмүр баянын окуп көргүлө. Ал өзүнүн биохимия тармагындагы ийгилигине бараткан жолдо эркектер угуп да көрбөгөн тоскоолдуктарга туш болгон.

Дегеле феминизм, жарандык укук үчүн кыймыл жөнүндө, ийгилик жараткан аялдар тууралуу көбүрөөк окугула.

Эч кимге кереги жок, келесоодой эркексинген текеберлигиңер өзүңөрдөн ашпасын. Бир нерсени өзүбүздүн атыбыз менен атоодон мурда, биз, эркектер, кандай гана ыплас нерселер менен айкалышып жатканыбызды түшүнгүлө.

Айсулуу, баарына ыракмат! Сен аялзатын коркпогонго жана стереотиптерди как жарып өтүүгө шыктандырасың. Мен сага алкыш айтып, дагы көптөгөн жетишкендиктериңди көрүүнү самайм. Бул өз учурунда биздин коомду дагы да акыйкат, дагы да тең болууга шыктантат.