Бул сунуш парламенттин депутаттарынын кароосуна келип түштү. Өкмөттүн демилгесине ылайык, жаңы мыйзам айлана-чөйрөнү булгаган бир ирет колдонулуп ыргытылчу баштактардан арылтууга жардам берет.
«Учурда полимердик жана пластик материалдардан жасалган таңгактоочу баштыктар күнүмдүк турмушта көп колдонулууда, андан кийин катуу тиричилик калдыктар таштандыларынын аймагына чогулат. Бул баштыктардын экономикалык жактан пайдасыз болуп жатканын эске алганда, аны иргеп чогултуунун кажети жок, ал айлана-чөйрөнүн булганышына таасирин тийгизет», — деп айтылат өкмөттүн катында.
Эгер мыйзам кабыл алынса, анда Кыргызстанда желим баштыктардан кагаз баштыктарга өтүү процесси башталат. Бул өлкөдө желим баштыктарды колдонууга же импорттоо үчүн утилизациялык жыйымдарды киргизүү аркылуу ишке ашырылат. Бирок азырынча салыктын суммасы ачыктала элек.
«Киргизүүгө сунушталып жаткан утилдештирүү жыйымдары утилдештирүүдөгү эмгектин сарпталышынын, наркынын жана экологиялык зыяндардын ордун толтурууга багытталат. Жыйымдар экологияга келтирилген зыяндарды жок кылууга мүмкүндүк берүүчү капиталды борбордук топтоо үчүн республикалык бюджетке жөнөтүлөт», — деп билдиришет мыйзам долбоорунун авторлору.
2018-жылы жайында депутаттар айлана-чөйрөнүн желим баштык жана бөтөлкөлөр менен булганышына каршы күрөшүү тууралуу маселени көтөрүшкөн болчу. Ал учурда эл өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун аймагына желим продукцияларды киргизүүгө тыюу салууну сунушташкан.
2016-жылы Кыргызстандагы супермаркеттердин көпчүлүгү сатып алуучуларга желим баштыктарды акысыз берүүнү токтоткон — алар үчүн акча төлөө керектелет (анткени менен көпчүлүк дүкөндөрдө кичинекей бекер баштыктарды беришүүдө).
Пластик таңгак жаратылышта жүздөгөн жылдар ичинде чиригендиги үчүн кооптуу. Ал эми аны өрттөө атмосферага уулуу заттардын чыгышына алып келет. Пластиктин айынан жапайы жаныбарлар да өлүмгө дуушар болгон учурлар аз эмес. Мындай таңгак аларга тузак же тор болуп калышы ыктымал.