Прокуратура журналист Алишер Саиповдун өлүмү боюнча ишти жандантты

Ош облусунун прокуратурасы журналист Алишер Саиповдун өлүмү боюнча кылымыш ишин кайрадан тергейт. Аталган иш 2013-жылы «айыпкер катарында тартууга тийиш болгон адамды аныктоого мүмкүн болбогондуктан» токтотулган болчу.

Медиа Полиси Институтунун координатору Айнура Ешеналиева «Клоопко» Саиповдун иши 29-августта жанданганын кабарлады.

«Биз ар жылы бийликке өлтүрүлгөн журналисттердин ачылбаган кылымыш иштери боюнча сурам жөнөтүп турабыз. Алишер Саиповдун иши боюнча катты Башкы прокуратурага 12-июлда жөнөткөнбүз, алар бизге 30-августа жооп берди», — деп билдирди Ешеналиева.

Маркум журналист Саиповдун иниси Шохрух Саипов «Клоопко» тергөөнүн жүрүшүндө дин таануучу Икбалжон Мирсаитовдун көрсөтмө берүүсүн талап кылып атышкандыгын билдирди. Саипов өлтүрүлгөн күнү Мирсаитов журналисттин жанында болгон.

«Мирсаитов агам [Алишер Саипов менен] менен дос катары кызматташып жүрүшкөн. Окуя болгондон бери он эки жыл өтсө да таптакыр сүйлөшө албадык, башкача айтканда бизден качып жүрөт. Жок дегенде тергөөнүн алкагында [Мирсаитов менен] жолугушканга даярбыз. Үй-бүлөбүз аны кандайдыр бир нерсеге күнөөлү дегенден алыс. Жабырлануучу катары анын да пикирин угалы дегенбиз. Айрыкча ата-энем агамдын акыркы сааттагы абалы тууралуу билгенге ынтызаар», — деп түшүндүрдү Саипов.

Мирсаитов «Клооптун» журналистине комментарий берүүдөн баш тартты. «Кылымыш иши жанданса жанданыптыр. Чындыгында бул тууралуу эч нерсе айта албайм. Андан ары кандай болоорун көрө жатаарбыз», — деди дин таануучу.

Журналист Алишер Саиповдун өлүмү

Алишер Саипов 2007-жылдын 24-октябрында өлтүрүлгөн. Кечке жуук жумуштан үйүнө кайткан убакта белгисиз адам эки жолу башына жана бир жолу оң бутуна тапанча менен аткан. Саипов 26 жашында өлтүрүлүп, артында жубайы жана кызы калды.

2009-жылы журналистти өлтүрүүгө шектелип Баткен облусундагы Лейлек районунун тургуну Абдулфарид Расулов кармалган. Анын унаасынан Саипов атылган маркадагы тапанча табылган. Эки жылдан соң Жогорку сот тарабынан Расулов камактан чыгарылган. Анын туугандары сотко кылымыш жасалган күнү туугандары менен бирге тойдо болгондугу тууралуу видеокассета тапшырышкан.

Саипов бир нече эл аралык ЖМКларда кабарчы болуп эмгектенген: «Азаттык» жана «Голос Америки» үналгыларынын өзбек кызматтарында иштеген жана «Фергана.ру» маалымат агенттигинин Кыргызстандагы өкүлү болгон.

Кийинчерээк Саипов «Саясат» аталыштагы өзбек тилинде жарык көргөн гезит негиздеген. Ал бир гана Кыргызстанда эмес, Өзбекстандын чек арага чектеш аймактарында да өз окурмандарын тапкан.