Кара-Көл: Жылдык кирешеси 400 миң сомду түзгөн мэр мечиттин курулушуна 10 млн сом бөлдү

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 5-октябрда 1500 адамга ылайыкталган мечиттин ачылышы болуп өттү.

Шаар мэри Ильяс Еркеев «Кактус Медиа» басылмасына курган маегинде мечиттин курулушуна жалпы 25 млн сом сарпталганын билдирген. Анын ичинен 12 млн сомду «Ассанабил» араб фонду, 3 млн сомду жергиликтүү динаятчылар, ал эми калган 10 млн сомду мэр жеке каражатынан бөлгөн.

«Менин заводумдун техникасы мечиттин курулушуна 6-7 ай акысыз кызмат кылды. Жеке каражатымдан кум, шагыл жана башка материалдарды сатып алдым. Эгер техниканы ижарага алып, керектүү материалдарга акча бөлүнө турган болгондо 10 млн сомго жакын каражат кетмек. Бул чыгымдарды мен өзүмө алдым», — деп маалымдаган шаар мэри.

Еркеевдин айтымында, курулуш бизнеси менен мамлекеттик кызматтан тыныгуу алып турганда иштеп турган. Ошондуктан кайрымдуулук менен «активдүү» алектене ала турганын айткан.

Бирок 2017-жылдагы чиновниктердин кирешеси тууралуу декларациясында Еркеев компанияга ээлик кылаары тууралуу маалымат табуу мүмкүн эмес. Документтерге ылайык аткаминер бир жыл ичинде 395 миң сом киреше тапкан. Мындан сырткары, шаар мэринде 2,5 млн сомдук жылкылары жана 1 млн сомдук ири мүйүздүү мал жандыктары бар.

Анын жакындарынын жана үй-бүлөсүнүн кирешелери тууралуу эч кандай маалымат берилген эмес.

Юрист Олег Порваткин «Клоопко» мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер жеке өзү же ишенимдүү адамдары аркылуу ишкерлик менен алектене албастыгын маалымдады. Бул чектөө «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат тууралуу» мыйзамынын 22-беренесинде жазылган.

«Беренедеги чектөөлөр аткарылбаса дисциплинардык жоопко тартылат жана кызматкердин жумуштан бошотулуусуна негиз болот», деди Порваткин.

Мындан сырткары, юрист декларацияга толук эмес маалымат берген мамлекеттик кызматкер жумушунан бошотулушу мүмкүн экендигин кошумчалады.

«Клооптун» журналистинин мэр Еркеевден интервью алуу аракетинен майнап чыккан жок. Алгач шаар башчысы жыйындан кийин жооп берээрин убадалап, макулдашылган убакытта бош эместигин айтты.