Улуттук банк мобилдик капчык колдонуучулары үчүн милдеттүү каттоо киргизди

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов 8-октябрда жөнгө салуучу менен байланыш операторлорунун ортосунда мобилдик капчыктардын иши жөнүндө жаңы келишим түзүлгөнүн кабарлады.

Жаңы эрежелерге ылайык, абоненттердин бардыгы эки баскычтуу аутентификациядан өтүшү керек — бул абоненттин өз байланыш операторунун мобилдик капчыгынын кызматтарын андан ары да пайдаланууну уланта алышы үчүн керек.

Бул өзгөртүү байланыш операторлорунун учурда иштеп жаткан нак эмес төлөм системаларынын бардыгына, «Билайндын» “Balance”, «О!» операторунун «О! Акча», «Мегакомдун» “Megapay” капчыгына тиешелүү. Учурда кыргызстандыктар коммуналдык акыларды, штрафтарды жана салыктарды жогоруда аталган капчыктар аркылуу төлөй алышат.

«Мегаком» компаниясынан эки баскычтуу аутентификация төмөнкүчө өтөөрүн түшүндүрүштү: алгач мобилдик капчыктын ээси сим картасын өз паспортуна каттатышы керек, эгер ал мурда каттата элек болсо. Андан кийин аны ар кандай «кара тизмеде» бар-жогун текшеришет.

«Мегаком» менен «Билайндын» колдонуучулары сим карталарын каттаткандан кийин «Дос-Кредобанк» аркылуу же компаниянын кеңселеринде аутентификациянын экинчи баскычынан өтө алышат. «Клооптун» журналисти «О!» операторунун өкүлдөрү менен байланыша алган жок.

2020-жылдын 1-октябрынан тарта каттала элек мобилдик капчыктар иштебей калат, ал эми эсептеги акчалар тоңдурулат.

Абдыгуловдун айтымында, операторлордо абоненттерин өзгөртүүлөргө даярдоо үчүн бир жыл убактылары бар.

Ошол эле маалда мобилдик капчыктын балансын терминалдар же банктар аркылуу гана толтурууга мүмкүн — телефондун балансынан электрондук капчыктын эсебине каражат которууга тыюу калтырылды.

Улуттук банк жана мобилдик капчыктар жөнүндө кошумча:

Улуттук банк электрондук капчыктын эсебин телефондун балансынан толуктоого тыюу салды