Канализациянын жоктугу — Ош облусунда жайгашкан Кара-Суу шаарындагы эң орчундуу көйгөйлөрдүн бири. Эски көп кабаттуу үйлөр септиктерге туташтырылган. Ал күн алыс саркынды сууга толуп турат. Жергиликтүү бийлик маселени чечүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын айтканы менен андан майнап чыкпай келүүдө.
Кара-Суунун борборунда, мэриядан 500 метр алыстыкта беш кабаттуу үй жайгашкан. Анда турак жай 1980-жылдары курулуп, мамлекеттик кызматта иштегендерге берилген. Союз тарагандан кийин үйлөр жеке менчикке сатылып кеткен. Айтпул Исраилова аталган турак жайга 2016-жылы көчүп келген. Ал биринчи кабатта жашагандыктан, жертөлөдөгү кир суулар жараткан ыңгайсыздыкты жон тери менен сезип келет.
«Жертөлөдөгү саркынды суу короону да каптап жатат. Чиркейлер көбөйдү, кир суу түндөсү буркурап сасыйт. Терезени ача албайбыз, ачсаң үйдү сасык жыт каптап, чиркейлер кирет», — деп кейиди ал.
Үйдөгү түтүктөрдүн эскилиги жетип дат баскандыктан, алмаштырууга муктаж. Бирок көпчүлүк батирлер ижарага берилип кеткендиктен, үй ээлери керектүү каражатты чогулта албай келишет.
Бул турак жай башка көп кабатуу үйлөр сыяктуу эле канализацияга туташтырылган эмес. Шаар курулуп башталганда канализация эске алынбай калган. Кара-Сууда жалпысынан 32 көп кабаттуу үй бар.
Чыгынды суулар көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы септикке чогултулат — иштетилген суулар топтолгон атайын курулма. Септиктин көлөмү 300 м³ түзөт.
Саркынды сууларды «Ак мээнет» ишканасы сордуруп берип турган. 2019-жылы тариф 100 сомдон 200 сомго көтөрүлгөндө тургундардан акча чогулбай, септик маал-маалы менен тазаланбай келет. Ошондуктан септик толуп калган. Жашоочулар, эгерде үй борбордук канализацияга туташ болгондо мындай көйгөй жаралмак эмес дешет.
Жергиликтүү депутаттын айтымында, канализация маселеси акыркы 10 жылдан бери көтөрүлүп келет, бирок эч кандай жыйынтык жок.
«Канализация болгондо көп кабаттуу үйлөр курулат эле. Тургундар күндө эле арызданып келишет. Бул маселе шаардык кеңеште көтөрүлүп келе жатканына 10 жыл болду. Комиссия келип кетет, бирок жыйынтык жок», — деп билдирди Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты Тахыр Рамашов.
Шарт жок — кызмат акы жок
Беш кабаттуу турак жайдын үй башчысы Курманжан Шакееванын айтымында, жашоочулар керектелген акчаны чогултканда суу каптаган жертөлөнү тазалатуу мүмкүн эле. «Бизде квартиранттар көп. Ижарачыларга баары бир да. Акчаларды топтоп берсек саркынды сууларды тартып беришет», — деди Шакеева.
Нурдан Омаракунов башка көпчүлүк жашоочулар сыяктуу эле бул турак жайда батирди ижарага алып жашайт. Жарым жыл ичинде батирди оңдоп-түзөгөнүн айткан Омаракунов канализация үчүн акча төлөөдөн баш тартып келет.
«Мен жашаган батирдеги кир суулар түтүктөр аркылуу чыкпайт. Сыртка чакалап алып чыгып төгөбүз [...] Колдонбогон кызмат үчүн эмнеге акча төлөмөк элем?» — деп суроо салды Омаракунов.
Жергиликтүү бийликтегилер, аталган көп кабатуу үй мэриянын карамагында болбогондуктан инфраструктура маселесин тургундар өз алдынча чечиши керек дешти.
Канализация кайсы бир күнү орнотулат
Кара-Суунун мэри Кутугали Козубаев канализация маселеси качан чечилээрин билбейт. Бийлик саркынды сууларды тазалоочу станция куруу үчүн кыргыз-өзбек чек арасына жакын аймактан 3,6 гектар жер тапкан.
Бирок ишкана курула элек. Анткени аткаминерлер тазаланган сууну кайда багыттоону билбей жатышат. Сууну Өзбекстанга өткөрүп берүүнү пландашкан, бирок колдонулган сууларды коңшу мамлекет кабыл алууга даяр эмес деген жыйынтыкка келишкен.
«Маселе азыр ачык боюнча калып жатат. Суу менен паркты сугаралы десек, жайында го жакшы, кышында сууну каякка сыйдырабыз?», — деп түшүндүрдү Козубаев.
Мэр аталган маселе чечилсе шаарга канализация куруу долбоору ишке аша баштаарын убадалайт. Ага ылайык, долбоор бир нече фазадан туруп анын жыйынтыгы менен көп кабатуу үйлөрдүн баары канализацияга туташтырылат. Анын ичинде Аматов көчөсүндөгү беш кабатуу үйү да бар.
Жергиликтүү бийликтегилер канализация качан курулаары боюнча так убакытты айта алышпайт. Учурда кир суулардын бардыгы «Ош-Тазалык» ишканасына ташылат. Ал Кара-Суудан 21 километр алыста жайгашкан. Ай сайын мэрия аталган кызмат үчүн 70 миң сомдой каражат төлөйт.
Кыргызстандын жашоочуларынын 30 пайызынын гана канализацияга жеткилиги бар. Бул бир гана облусттардын көйгөйү эмес — Бишкекте да борбордук канализацияга туташа элек көчөлөр бар.
Редактору: Элвира Султанмурат кызы