Петербургдун метросундагы жардырууга шектелген Аброр Азимов сотко кыйноолорго кабылганын айтып берди

Санкт-Петербургдун метросундагы терактты уюштурууга шектелген Аброр Азимов 17-октябрда шаардын Ленинград округдук аскер сотуна биринчи жолу көрсөтмө берди. Орусиянын «Фонтанка.ру» басылмасы анын сотто айткан сөздөрүн баяндайт.

Тергөөнүн версиясы боюнча, күч кызматкерлери Аброр Азимовду 2017-жылдын 17-апрелинде кармашкан. Муну Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) тараткан видео тасма тастыктап турат. Бирок Азимов сотто 4-апрель күнү кечинде кармалганын билдирди.

Анын айтымында, ошол күнү Украинадагы байкесине барууну чечкен. Жолдо баратканда ал кетип бараткан машинаны МАИ кызматкерлери токтотушуп, документтерди көрсөтүүнү суранышкан.

Азимов айтып бергендей, Ошто берилген чет мамлекеттик паспортту аларга көрсөткөндөн кийин аны жана башка жолоочуларды милиция бөлүмүнө өтүп барууну өтүнүшкөн.

«Андан кийин токтоткула деп, а мени болсо чыгып, кара минивэнге отур дешти. Мени отур дешип, дароо колумду кайрып, башыма мүшөк кийгизишти. “Эмне болду?” деп сураганымда, мага “Үндөбөй тынч отур” дешти. Сумкамды, документтерди тартып алып, полго ыргытып коюшту», — деди ал.

Анын айтымында, болжол менен бир сааттык жол жүрүүдөн кийин аны белгисиз орунжайга киргизишип, кол кишен менен «сол жактагы трубага» бекитип, сурак алууну башташкан.

Ал сот менен укук коргоочуларга сурактын бардыгы кыйноо менен коштолгонун, аны сабап, токко тартырышканын кабарлады. Анын айтымында, кыйноо “Эмне кылсаңар ошону кылам, болгону кыйнаганды токтоткулачы” деп айтканына чейин уланган.

Андан туулган жери, туткан дини жана ошондой эле Түркияга барганы тууралуу, Акбаржон Жалилов менен тааныштыгы жөнүндө сурашкан. Тергөө Жалиловду теракттын аткаруучусу деп эсептейт.

Азимов кыйноолордон эки апта өткөндөн кийин ага видеого тартылууга нускама беришип, кармоо болгон жерге алып барышканын билдирди. Анын айтымында, бир апта отурган абалда болгондуктан бутуна турганда кулап, «мастай болуп шалкылдап, эмне болуп жатканын араңдан-зорго аңдап турган».

«Мен уюштурган да эмесмин, катышкан да эмесмин, эч нерсе даярдаган эмесмин жана курал алып жүргөн эмесмин. Орусияда өз турмушумду куруп жүргөн жөнөкөй эле эмгекчил бүлөкормун», — деп айтты Азимов.

Алгач Азимов өз күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Бирок кийинчерээк терактты уюштуруу боюнча көрсөтмөлөрүнөн баш тартып, аларды зордоп алышкан деп билдирген. Анын айтымында, Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) кызматкерлери терактта колдонулган жардыруучу зат менен өрт өчүргүчтү анын атасына жашыруун таштап коюуну убадалашкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Азимов 2014-жылы радикалдуу исламга кызыккан, бирок Жалилов менен тааныш экенин мойнуна албай койгон. Азимовдун кийинчерээк баш тарткан көрсөтмөлөрүнө ылайык, ал Жалилов менен сүйлөшүүлөрдү жургүзгөн Ахмад деген бирөө менен өз ара байланышып турган. Көрсөтмөдө Азимов Жалиловдун картасына үч миң долларга чукул акча которгону айтылган.

«Дароо айтып коёюн, метродогу жардыруу керек эле жана ал Орусияны ички маселелеринен алаксытуу үчүн жасалган. Өзүмдүн ролум тууралуу кийинчерээк айтып берем. Ал [Ахмад] сакал өстүрүп жүрбөөнү жана мечитке аз барууну суранган. Байкалбай жүрүшүм керек эле. Ошон үчүн көз айнек жана кепканы көп кийип жүрө баштагам», — деп келтирди прокурор Азимовдун баш тарткан көрсөтмөсүн.

Азимов учурда Жалиловдун картасына таанышынын өтүнүчү боюнча акча которгонун айтууда. «Уулум жарык дүйнөгө келүүдө, бактылуу атамын, анан бул жактан кандайдыр бир радикалдык агымдар. Ошентсе да алар бурмалашкан, эми мен элдин көзүндө террористмин», — деди Азимов.

Аброр жана Акрам Азимовдор 2017-жылдын апрелинде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы тарабынан Санкт-Петербургдагы терактты уюштурууга шектелип кармалышкан. Бир туугандар Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда туулуп-өсүшкөн.

Авторлошу: Анна Капушенко

ТЕМА БОЮНЧА: