«Мадина» кафесинин ээсин өлтүрүү. Ишкерлер бизнестерин коргоп берүүнү суранышууда

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 21-октябрда жыйын өткөргөн. Анда Бишкектеги «Мадина» кафесинин ээси Хуфур Абдурахемандын уурдалып өлтүрүлүшү боюнча маселе талкууланган.

Ал ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге бул окуяны иликтөөнү аягына чыгарып, бардык күнөөлүүлөрдү, анын ичинде адам өлтүргөндөргө «маалымат ташыгандарды» табууну тапшырды.

Өкмөт башчысынын айтымында, мамлекеттин негизги милдеттеринин бири — бул ишкерлерди коргоо.

«Акыркы окуялар укук коргоо органдары ишкерликти колдоо боюнча тереңдетилген иштерди аткарууга тийиш экендигин даана күбөлөндүрүп турат. Бул өлкө экономикасы үчүн ишкерлер арасында колдоо тапкан өкмөттүн бизнести коргоо боюнча демилгелеринен кем калбаган мааниге ээ», — деп айткан өкмөт башчы.

Ошондой эле, Абылгазиев жеке ишкерлерди «маселелерди өз алдынча криминал менен чечүүгө аракеттенбөөгө, эгерде маселе жаралса, өмүрдү жана мүлктү сактоо үчүн милицияга кайрылууга» чакырып өткөн.

Тынчсызданган бизнесмендер

Кыргызстандын бизнес-коомчулугу укук коргоо органдарын криминалитеттин басымынан коргоого чакырды.

«Эгерде уюшкан кылмыштуулук ишкерлерди уруп-сабап, коркутуп, керек болсо өмүрүнө кол салганга дарамети жетип, үстөмдүк кылып турган абалды ээлей турган болсо, анда бизнес өлкөдөн тышка качып кетет», — деп эскертти JIA бизнес ассоциациясынын төрагасы Фархад Пакыров «Азаттыкка» берген интервьюсунда.

ИИМдин басма сөз борборунун башчысы Бакыт Сейитов «Мадина» кафесинин ээсин уурдап кетип, анын өмүрүнө кол салган окуяны «жалпы уюшкан кылмыштуулуктун баш көтөрүшү катары карабоо керек» деп эсептейт.

«Бул кылмыштын бети тез арада ачылып, бул топтун бардык мүчөлөрү колго түштү. Алардын арасында уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы болгондор да бар. Бирок бул ушундай оор кылмышка байланышкан бир учур. Муну менен жалпы уюшкан кылмыштуулук башын көтөрүп, коомдук коопсуздукка коркунуч келтире тургандай абалга жетти дегенге негиз жок», — деди ал.

Сейитовдун айтымында, соңку үч жылдын ичинде буйрутма менен адам өлтүрүү же ишкерлерден акча опузалап, кол салуу сыяктуу өзгөчө мыкаачылык менен жасалган кылмыштар каттала элек болчу.

Уурдоо жана өлтүрүү

Хуфур Абдурахеман — Кытайдан келген этникалык уйгур, алты баланын атасы. Ал Бишкектин Мадина базарынын жанындагы «Мадина» кафесинин ээси болгон. Абдурахеман 4-октябрда жоголуп кеткен, анын агасы эртеси күнү бул тууралуу арыз менен милицияга кайрылган.

Анын агасынын айтымында, ошол күнү Хуфур ак түстөгү BMW Х5 үлгүсүндөгү автоунаасы менен «Мадина» базарынан «Дордой» базарын көздөй чыгып кеткен бойдон келген эмес. Кайрылуу «Адам уурдоо» беренеси боюнча катталган.

Арадан дээрлик эки апта өткөндөн кийин милициянын кызматкерлери сегиз шектүү адамды кармашкан жана алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бар болгон. Алар көрсөтмө беришип, эркек киши уурдап кетип, өлүтүрүшкөнүн, ал эми анын сөөгүн Нарындын Кочкор айылынын чет жаксында жолдон болжол менен 150 метр алыстыкта көмүп коюшканын айтып беришкен. Хуфур Абдурахемандын сөөгү 19-октябрга караган түнү табылган.

Эки шектүү адам ар кайсы убакта милицияда иштеген. ИИМдин маалыматы боюнча, алар «мыйзам бузган окуяга аралашканы үчүн» кызматтан айдалган. Тергөө алардын бирөөсү уурдоону уюштурган, ал эми экинчиси бизнесменди өлтүргүн деп шектөөдө.

Мындан тышкары, адам өлтүрүүгө Ысык-Көл облусунда туулган 29 жаштагы адам менен 33 жаштагы Казакстандын атуулу шектелүүдө. Азыр төртөө тең №1 ТИЗОго эки айга киргизилген.

Кармалгандардын дагы төртөөсү иш боюнча күбө катары өтүүдө. Алардын арасында уурдалган машинанын ыктымал сатуучусу бар. Ал ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары катталган. Машинаны сатып алган адам да күбө катары өтүп жатат. Ал Чүй облусундагы «Сосновка» көзөмөл өткөрмө пунктунда чек арадан өтүп кетүү аракети учурунда, кара түскө боёлуп, жасалма номерлер тагылган BMW X5 машинасын башкарып баратканда кармалган.