«Акшоола» телесериалынын режиссёру «Азаттыкты» сотко берди

«Акшоола» телесериалынын режиссёру жана коюучусу Ырыс Окенова «Азаттыктын» үстүнөн Ленин райондук сотуна доо арыз жазды. Мурдараак, басылма материал жарыялап, анда сериалды тартууга 250 миң доллар коротулган деп маалымдалган. Бул сериал былтыр мамлекеттик КТРК каналында көрсөтүлгөн.

«Журналисттер» коомдук бирикмеси кабарлагандай, Окенова «Азаттыктан» кечирим суроону жана бул маалыматты төгүндөөнү талап кылууда.

Окенованын коомдук бирикмеге курган маегинде «Азаттыктын» материалы жарыялангандан кийин КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу «ага материалдык доомат коюп», «каражатты коротууга айыптаган» деп билдирген.

Анын айтымында, каржы директору, юристтер жана бухгалтерлердин катышуусу менен эч кандай кызматтык териштирүүлөр болгон эмес. Бирок, бул жаңжалдын айынан ал «моралдык жактан жабыркап, арыз жазып КТРКдан кетүүгө аргасыз болгон».

Окенова материал жарык көргөндөн кийин макаланын автору — «Азаттыктын» журналисти Альбина Сулаймановага телефон чалганын кабарлады. Журналист ага жетекчиликтин тапшырмасы боюнча текстти жөн гана кыргызчага которгонун айткан.

«Кайсы бир убакта “Азаттыкка” чыгып турган “Настоящее время” программасына интервью бергем. Бул интервьюнун акыркы вариантын көргөн эмесмин. Бирок, мен орус тилинде интервьюда телесериалдын каржыланышы тууралуу сөз кылган эмесмин», — деп айтты Окенова.

Ал белгилеп өткөндөй, доо дагы кошумчаланат жана «Азаттыкка» материалдык дооматтар да коюлушу мүмкүн.

«Бул маселени сотко чейинки тартипте чечүү үчүн» Окенова ЖМК боюнча даттанууларды кароо комиссиясына доо арыз жазууга камынууда.

Азыр «Азаттыктын» материалында сериалдын бюджети тууралуу маалымат жок, бирок, макаланын мурдагы версиясында сериал тартууга 250 миң доллар коротулган деп жазылган болчу.

Материал жарык көрөөр алдында «Клооптун» журналисттерине «Азаттык» басылмасынын жетекчилиги менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

«Акшоола» телесериалы КТРК каналында 2018-жылдын октябрынын ортолорунда коюла баштаган. Сериал телерадиокомпанияга миллиондогон көрүүлөрдү алып келген. Сериалда адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн Акшоола аттуу журналисттин окуясы баяндалат.

Сериалдын сюжеттик линияларынын биринде ала качуу оң жактан чагылдырылган — башкы каарманды эркине каршы ала качып кеткенден кийин ал каршылык көрсөткөн, бирок жыйынтыгында аны уурдаган адамды сүйүп калып, чогуу жашап калган. Сериалдын түзүүчүлөрү кыз никеге тургузуу үчүн аны уурдоого өзү түрткү берген, ал эми ала качуу Кыргызстандын «салттарында мурдатан бери бар болгон» деп эсептешет.

ТЕМА БОЮНЧА:

КТРКдагы сериал ала качууну жакшы өңүттө көрсөткөн. Бул эмне үчүн жаман экенин түшүндүрөбүз