Баткен шаарына курулган жаңы турак жай. Сүрөт: Башкы прокуратура

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлагандай, 24-октябрда Баткен облустук прокуратурасынын кызматкерлери үчүн курулган үч кабатуу турак жай пайдаланууга берилди. Баткен шаарына курулган имарат 24 батирден турат.

Маалыматка ылайык, имараттын ачылыш аземине башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жана өлкөнүн түштүк аймагындагы прокуратура кызматкерлери катышкан. Жамшитов куттуктоо сөзүндө, кызматтык батирлер аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында курулганын белгиледи.

Баткен облусундагы прокуратура кызматкерлерин үй менен камсыз кылууга республикалык бюджеттен 2018-жылы 43 млн сом бөлүнгөн.

Буга чейин октябрдын ортолорунда Жалал-Абад облустук прокуратурасынын жаңы имаратынын ачылышы болуп өткөн.