Кожобек Рыспаев. Сүрөт: Жанар Жолдошбаев / RFE / RL


«Мен коомчулукка коркпой эле айтайын, акчасы жок киши шайлоодо иштеши кыйын экен. [Парламентке] бутка туруп, кичине өзүнүн бизнесин кылып коюп, үй-бүлөсү камдуу болуп, өзүнүн тамак-ашы белен болгон адам элге иштеп берейин деп келиши керек. Азыр союз жок да, биз азыр рынокко өтүп кеткенбиз. Мисалы, үй-бүлөсү ачка жүрсө, өзүнүн томураңдап кийими жок жүрсө элди ойлойбу? [Добуш] сатып алуу эмес, элдер добуштарын сатпасын, бирок негизи ток адамдар келиши керек. Үй-бүлөсүн бутуна тургузуп, татынакай ишмер, жакшы адам мамлекетке да жакшы кызмат кыла алат да, туурабы? [...] Акчасы жок бул жерде кыйын болуп калат. Ачыгын айтуу керек»


Рыспаев «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, парламентке келе турчу талапкерлер эмгек жолунан өтүп, камсыздалган болушу керек. Анын айтымында, ал депутаттардын бизнеси бар болушу керек деген ойдо айткан эмес.

Бул Рыспаевдин депутаттар тууралуу айткан биринчи билдирүүсү эмес. Ал буга чейин парламентарийлерди «кыргыз элинин элитасы» деп атаган. Депутаттын ошондогу сөздөрү коомдо резонанс жараткан эле.