«Парламентте кыргыз элинин элитасы отурат» — депутат Рыспаев ЖКнын спикерин Атамбаевдин айыптоолоруна жооп берүүгө чакырды

Кожобек Рыспаев. Сүрөт: парламенттин басма сөз кызматы

КСДПнын мурдагы депутаты Кожобек Рыспаев 12-июнда спикер Дастан Жумабеков Жогорку Кеңешти «чимкирик» деп атаган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алдында парламентти коргоп чыгышы керектигин билдирди.

«Ооздон чыккан сөзгө жооп берсин жана сиз жоопкерчилигин сураңыз. Бул жерде чимкириктер жок, какырыктар жок. Кыргыз элинин элиталары отурабыз, саясий элиталары отурат. Ошондуктан сөздү абайлап сүйлөш керек», — деп айтты Рыспаев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги алдында КСДПнын тарапташтарынын митинги Бишкекте 8-июнда болуп өткөн. Митингде экс-президент Кыргызстанда парламенттик башкаруу формасы керек деп билдирген.

Атамбаев парламентти биринчи жолу эле «чимкирик» деп атап жаткан жок — үстүбүздөгү жылдын 17-мартында экс-президент депутаттарды президенттин иниси жана депутат Асылбек Жээнбековдун буйругу менен «чимкириктерин тарткан», «чимкиришкен» же «чимкириги агып турган кичинекей балдарга» салыштырган.

Анда спикер Дастан Жумабеков бул сөздөргө жооп ирээтинде Атамбаевдин башкаруусун сынга алып, президент болуп турган кезинде ал «бийликти тизгинде кармаган» деп билдирген.