Бишкек: Үч жашар бала унаа алдында калып каза тапты

ЖМКлардын маалыматтары боюнча, айдоочу баланы 3-ноябрда Орозбеков көчөсүндө сүзүп кеткен.

«Айдоочу автоунаанын артына баланын чуркап киргенин байкабай калган. Жыйынтыгында айдоочу үч жашар баланы тебелеп кеткен», — деп Kaktus.Media басылмасы ЖКККББга таянып билдирди .

Жабыркаган бала Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, бирок ал эс учуна келбей көз жумган.

ЖКККББнын экспертизасы кырсык болгон учурда айдоочу соо абалда болгонун көрсөткөн. Учурда ал убактылуу кармоо изоляторуна киргизилген.