Жеке ишкер Саймаитини өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

Түркиянын полициясы 12-ноябрда ишкер Айэркен Саймаитини өлтүрүүгө шектелген үч адамды кармады. Аны 10-ноябрь күнү Стамбулда атып кетишкен.

Полиция Саймаитини өлтүрүүгө шектелгендерди кармап жатканы тартылган видео

Кармалгандардын экөөсү Хусейин Ахметалиев жана Абдулла Энвер аттуу Кыргызстандын жарандары. Үчүнчүсү — Сириянын жараны Али Исбе.

Бул тууралуу Түркиянын «Анадолу» маалымат агенттиги биринчи болуп жазып чыккан. Алардын маалыматына ылайык, кармалгандардын баары тең Түркиядан Сирияга кетип калууга аракет кылышкан.

Алар Түркиянын түштүгүндөгү, Сирияга чектеш аймактан алыс эмес Адана шаарында кармалган.

Мейманкананын кафесиндеги адам өлтүрүү

Айэркен Саймаитини 10-ноябрь күнү Стамбулдагы отелдердин бириндеги кафеде белгисиз адам атып кеткен. Бизнесмен алган жаракаттарынан ооруканада каза тапкан.

Саймаити өлтүрүлгөн жер. Сүрөт: «Хүрриет» басылмасы

Саймаити «Азаттыктын» бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу иликтөөсүнүн фигуранттарынын бири болгон.

Басылманын иликтөөсүнө ылайык, Матраимов 2011-2017-жылдары бажы кызматында иштеп жаткан учурда 700 млн доллардан ашуун акчанын Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кетиши боюнча коррупциялык схемага тиешеси бар болушу мүмкүн.

«Азаттыктын» журналисттери Саймаити жана анын «Абдыраз» компаниясы Матраимовго бул акчалардын үчтөн биринен көбүн — 250 млн долларга чукул каражатты — чыгарып кетүүгө жардам берген деп айтышкан.

Матраимов жана анын бир туугандары Кыргызстанда эң эле бай жана таасирлүү үй-бүлөлөрдүн бири деп эсептелинет.

Оппозиция менен жарандык активисттер Матраимовдун президент Сооронбай Жээнбековго жакындыгы тууралуу бир нече жолу айтып чыгышкан — муну менен өзгөчө, эмне үчүн укук коргоо органдары «Азаттыктын» иликтөөсүнөн кийин Матраимовдун мүлкүн адаттагыдан узак убакыт текшерип жатканы түшүрдүрүлгөн.

Президент өзү дайыма Матраимов менен байланышын четке кагып келет — Жээнбеков журналисттер менен болгон акыркы жолугушуусунда бажы башчысынын мурдагы орун басары менен байланышы тууралуу «фактыларды келтирүүнү» суранган.