Түркия: Жеке ишкер Айэркен Саймаитини атып кетишти — ал Матраимов боюнча иликтөөнүн фигуранты

Саймаити өлтүрүлгөн жер. Сүрөт: «Хүрриет» гезити

Түркиянын «Хүрриет» гезити бизнесмен Айэркен Саймаити 10-ноябрда октон алган жаракатынан улам каза тапканын кабарлаган. Ал «Азаттыктын» Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу иликтөөсүндө фигурант болгон.

Гезиттин маалыматына ылайык, белгисиз адам Саймаитини Стамбулдун кафелеринин биринде атып кеткен. Ишкер алган жарааттарынын улам ооруканада каза тапкан. Түркиянын прокуратурасы иликтөө жүргүзүп жатат.

«Азаттык» 2019-жылы майда бажы башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун 2011-2017-жылдар аралыгында өлкөдөн 700 млн долларга чукул акчанын чыгарылышына тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу иликтөө чыгарган.

Басылманын маалыматына ылайык, бул сумманын 250 млн долларга чукулу бизнесмен Айэркен Саймаити жана «Абдыраз» компаниясы аркылуу чыгарылган.

Июль айында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамкызматы (финпол) Саймаити, «Абдыраз» компаниясы жана дагы бир Вуфули Бумаилиаму аттуу бизнесмен банктардагы өздөрүнүн эсептери аркылуу чет өлкөгө 647 млн долларга чукул акча чыгарып кетишкенин ырастаган.

Матраимовдордун жакындары Саймаити менен да, Бумаилиаму менен да тааныш эмес экенин айтышкан.

Бул эмне үчүн маанилүү?

Райымбек Матраимов — бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары. Ал бул кызматты 2015-жылдан тарта 2017-жылдарга дейре Алмазбек Атамбаевдин президенттигинин тушунда аркалаган.

Матраимов жана анын бир туугандары — Кыргызстанда эң эле көп талкууланган үй-бүлөлөрдүн бири. Мындан тышкары, Матраимовдор өлкөдөгү эң эле бай жана таасирлүү үй-бүлөлөрдүн бири деп эсептелинет.

Райымбектин агасы Искендер Матраимов — парламенттин депутаты жана коррупцияга жана уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетке кирет. Матраимовдордун даги бирөөсү — Ислам Матраимов узак убакыт бою финполицияда иштеп, бул ведомстводо Матраимовдордун үй-бүлө мүлкүн текшере баштагандан кийин ээлеген кызматынан кеткен.

Дагы башка ага-ини Матраимовдор — Тилек жана Руслам Матраимовдор Ош облусунда иштешет. Биринчиси Кара-Суу районун башкарат, Матраимовдордун үй-бүлөсү ушул эле жерден болушат. Ал эми экинчиси «Исмаил ата» үй-бүлөлүк кайрымдуулук фондун жетектейт.

Райымбек Матраимов — мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын мураскери Сооронбай Жээнбековдун араздашуусунун себептеринин бири. Атамбаевдин убагында Райымбек Матраимов бажы кызматынын башчысынын орун басарлык кызматынан бошотулган эле.