Ош шаардык төрөтканасынын анестезиологу Замир Садыковго зомбулук боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Анын үстүнөн арызды милицияга Садыковдун кайын энеси жазган.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Замир Садыковдун ординатурада окуган төртүнчү аялынын энеси Ибадат Тыныбекова кабарлаган. Арыз ушул жылдын октябрь айында Ош шаардык прокуратурасына түшкөн.

Эмне болгон?

Тыныбекованын 25-жаштагы кызы үстүбүздөгү жылы ОшМУну аяктап, Ош шаардык төрөтканасына ординатурага тапшырып, августта ошол эле төрөткананын дарыгери Замир Садыковго турмушка чыккан. Бирок үч айдан кийин кызы күйөөсүнүн зомбулугунан улам кетип калган.

Анын айтымында, арыз жазууга күйөө баласынын кызына тапанча такап коркутуп, зордук-зомбулук көрсөтүп, үйүнөн чыгарбай камаганы себеп болгон:

«Дарыгер болом деп максат кылган кызымдан эч нерсе калбаптыр. Бети-башы көк ала, жарылган. Дароо экспертизага алып барып, милицияга кайрылдык. [...] Аны үйүндө камап коюшуптур. Алты жыл атасы экөөбүз кызымдын контрагын төлөп окутканбыз. Эми болсо ал окуудан айдалганы калган экен. Жакында эле сабагына бара баштады. Милицияга ишенбей, өзүм ишти иликтей баштадым. Көрсө, кызым анын төртүнчү аялы болуптур».

Маалыматка ылайык, Ош шаардык төрөтканасынын дарыгеринин жабырлануучуга чейин баш кошкон дагы үч аялы болгон. Бирок алар менен бир аз убакыт жашап ажырашып кеткен. Алардын бардыгы аталган төрөтканада иштеген же ординатурада окуган студент кыздар болгон.

Дарыгердин башка аялдары

Дарыгердин башка дагы эки аялы Садыковдун зомбулугуна кабылышканын «Азаттыкка» тастыктап беришкени менен расмий түрдө милицияга арыз жазып кайрылышкан эмес.

Мындан тышкары, алар никелери расмий каттодон өткөрүлбөй молдонун гана кыйып берген никеси менен жашашканын айтышкан. Алардын бардыгы Ош шаардык төрөтканасында ординатурада окуп жүрүшкөн кездеринде дарыгерге турмушка чыгышкан.

Ал эми Садыковдун биринчи аялы дагы ошол эле төрөтканада гинеколог болуп иштеген. Алар бир балалуу болгондон кийин ажырашып кетишкен.

Садыковдун үстүнөн арызданган аялын эске албаганда, жалпысынан ал алган аялдарынан беш балалуу болгон. 

Кылмыш иши жана тапанча

Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, дарыгер Замир Садыковго карата Жоруктар жөнүндө кодексинде каралган «үй-бүлөдөгү зомбулук» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

«Сотко чейинки тергөө иштери аяктады, экспертизанын жыйынтыгы чыккан. Бирок жабырлануучу тарап беттештирүүгө катышпай жатат. Кыздын ата-энеси жабырлануучу шок болуп калды деп түшүндүрдү», — деди Сыдыков.

Ошондой эле Ош ШИИБнин басма сөз катчысы дарыгердин кайын энесинин арызында айтылган тапанча травматикалык курал экенин жана ал 2016-жылы Садыковдун атына катталганын кошумчалады. Учурда милиция тапанчанын сактоо эрежелери сакталып-сакталбаганы боюнча текшерүү жүргүзүп жатат.

Басма сөз катчынын айтымында, азырынча дарыгерге карата бөгөт чара кабыл алына элек. Ал эми жабырлануучу ушул тапта Оштогу «Ак жүрөк» кризистик борборунун психологдорунун жардамын алууда.

«Ак жүрөктүн» башчысы Дарика Асилбекованын маалыматына ылайык, жыл башынан бери кризистик борборго 915 адам үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылганын айтып кайрылган. Алардын көбүнчөсү 40-45 жашка чейинки аялдар.