«Өлтүрүп кетебиз» деп коркуткан опузаларга карабастан Кыргызстандагы шектүү акчаны адалдоочу ири схеманы тескеген адам өз билгендерин далилдеш үчүн жүздөгөн документтери менен бөлүшүүнү уланта берген. Ал андан да көп документтерди убада кылган. Бирок тилегине жетпей киши колдуу болду.

Ушул жайдын башында Айэркен Саймаитиге кооптондурган телефон чалуу болгон.

Линиянын аркы жагында турган адамдын: «Эгер сен документти берсең, сен мунун [иликтөөнүн] экинчи сериясынын да документин чыгарсаң… Сени өлтүрөбүз», — деген сөзү Саймаитинин эсинде калган.

Саймаитинин айтымында, телефон чалган адам Кыргызстандагы кылмыштуу топтун өкүлү болгон жана ал кооптуу документтер тууралуу сөз кылган. Мындай эскертүү таң калычтуу деле эмес эле. Бир нече күн мурда «Азаттык» радиосу обого чыгарган иликтөө таасирдүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө таандык фондго көмүскөдөгү бизнес түйүндөн 2,4 миллион доллар келип түшкөнүн көрсөткөн эле.

Бул үй-бүлөнүн эң белгилүү мүчөсү – Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов. Өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн мамлекеттик кызматта өткөргөн бул адам эл ичинде сөз болгон байлыгынан улам «Раим миллион» деген атка конгон.

«Азаттык» радиосу Саймаитини коргоо максатында негизги маалыматты жана документтерди кабарчыларга ким бергенин ачыкка чыгарган эмес.

Бирок акча которууда башкы ролу аткарган Саймаити бул документтерге колу жеткен саналуу адамдардын бири эле. Анын айтымында, телефон чалган киши жагдайды талдап чыгып, калган документтердин ачыкка чыгышын алдын алууга белсенип турган.

«Эгер сен экинчи иликтөө үчүн доументтерди берсең, биз сени өлтүрүп кетебиз», — деп кайталады ал.

Коркутууга карабастан, Саймаити кабарчылар менен байланышын токтоткон эмес. Ал берген документтерден улам «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү Kloop порталы бир нече айга созулган иликтөө менен талдоонун жыйынтыгында «Азаттык» баштаган ишти кеңейте алды.

Ал иликтөө Саймаитинин беш жылдай Абдукадыр кланына арам акчаны адалдоо ишин аткарып бергенин жана Матраимовдун колдоосу менен ал клан Борбор Азиядагы карго империясын кура алганын көргөздү.

2019-жылдын ноябрынын башында Түркиянын Стамбулунда киши колдуу болуп өлтүрүлгөн Айэркен Саймаити.

Иликтөөнүнүн негизгисин окуңуз: Кыргызстан аркылуу 700 млн доллардын изин жашырган Айэркен Саймаитинин окуясы

Бирок маселе ачык бойдон кала берген. «Азаттык» радиосунун алгачкы иликтөөсүндө колдонулган, Саймаити берген айрым документтер 2016-2017-жылдары которулган 2,4 миллион АКШ долларынын булагы жана максаты тууралуу суроолорду жараткан.

Саймаитинин аялы жөнөткөн эки банк кагазынын ар биринде Исмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фондуна 100 миң АКШ доллары (жалпы 200 миң АКШ доллары) жөнөтүлгөнү ырасталган.

Калган 2,2 миллион доллар да ушул фондго которулганын күбөлөгөн банктык кагаздар кабарчыларга электрондук түрдө салынган. Бул жагдай банктын электрондук тастыктамаларын көз каранды эмес булактар аркылуу ырастоо мүмкүндүгүн чектеп, алардын булагы тууралуу маселени ачык калтырды.

Буга байланыштуу суроолор Кыргызстанда көтөрүлбөй койгон жок. Матраимовдун үй-бүлөсү айыптоолорду дароо четке кагып, фонддун эсебине түшкөн 200 миң АКШ долларын гана ырастап, аларды ислам дининде кеңири жайылган «зекет» же кайрымдуулук каражаты катары мүнөздөгөн. Матраимовдор Абдукадырдын үй-бүлөсү менен бардык байланышын жокко чыгарган жана бийликтегилер маалыматтарды көз жаздымда калтырды.

Дубайдагы кыймылсыз мүлк тууралуу ачыкка чыгып кеткен маалымат базасын колдонуу менен жүргүзүлгөн иликтөө Матраимовдор Абдукадырдын үй-бүлөсү менен чогуу бизнес жүргүзөрүн көрсөтөт.

Коомчулук жоопторду талап кылды. Журналисттер иликтөөсүн улантып, Саймаитиден банк аркылуу калган акча которуунун түп нускасын сурашкан. Саймаити банктык акча которуу орун алганын, аларды өзү көзөмөлдөгөнүн кайталап жатты. Ошол эле учурда ал документтердин түп нускасын анча чыгаргысы келбей, убадаларды берип, кээде бир нече күн бою кат-кабарлашпай, ага эмне үчүн көбүрөөк убакыт керек экендигин так түшүндүрбөй келди.

«Азаттык» радиосунун иликтөөсүндө көрсөтүлгөн 729 000 жана 500 000 АКШ доллары тууралуу транзакциялар суроо туудурган. Электрондук акча которууга өтүнүч жазылган кагазга коюлган кол «Саймаитиники эмес» деген күмөн жараткан.

Сентябрь айындагы сүйлөшүүдө Саймаити бул банктык акча которуу иштери жүзөгө ашканын дагы кайталап, курьерлер накталай акчаны Кыргызстандан Стамбулдун «Ататүрк» аэропортуна кантип алып келишкенин түшүндүрүп берген. Ошондой эле ал акчаны аба майданында өз колу менен алып, банкка алып барып салганын, бир нече күндөн кийин которуп жибергенин айткан.

Ага акча жөнөтүлбөгөн болсо, маалыматты түзөтүү мүмкүнчүлүгү да берилген. Кабарчы андан: «Эгер которбосоңуз, «которгон эмесмин» деп эле айтсаңыз болот», - деп сураганда Саймаити айтканынан кайткан эмес. «Жок, которгом. Мен которгом да», — деп улам кайталап жооп берген ал.

Интервью: Айеркен Саймаити Матраимовдун фондуна өзү которгон каражаттар тууралуу айтып берген

Кабарчы: - 729 000 менен 500 000 миң которулгандагы кол сиздикиби?

Саймаити: - Меники эмес.

Кабарчы: Ал «Ушул акчаны которуп коёсузбу?» деп банкка жазган кат да. Анда ал колду ким койду деп ойлойсуз?

Саймаити: - Банктыкы. «Иш банкынын» акча которгон адамы койгон кагаз да, бул. Же мөөр басып берет же кол коюп берет, банкта иш кылгандар.

Кабарчы: - Сиздин ордуңузга кол коюп кое берчү беле?

Саймаити: - Жок, ал «бу Айеркен Саймаити акча которду» деп туруп астына кол коет да. Менимче ошону менин фамилиямдын жанына эле коюп койгон да.

Кабарчы: - Негизи 729 000 менен 500 000 которулганбы? Чынбы?

Саймаити: - Ооба, 1 миллион эки жүз нече миң которулган. 729 миңди бир, 500 миңди бир которгом.

Кабарчы: - Мисалы которбосоңуз «которгон эмесмин» деп эле айтыңыз.

Саймаити: - Жок, которгом.

Кабарчы: - Которбосоңуз «которгон жокмун» деп айта берсеңиз болот.

Саймаити: - Жок, которгом да.

Кабарчы: - Анда кантип котордуңуз эле, эстесеңиз?

Саймаити: - Акчаны аэропорттон алып келдим, банкка тапшырдым. Бирок ал акчаны эки-үч күндөн кийин котордум.

Кабарчы: - Кайсы аэропорттон алып келдиңиз?

Саймаити: - «Ататүрк» аэропортунан.

Кабарчы: - А аэропортко кай жактан келди эле?

Саймаити: - Кыргызстандан да.

Кабарчы: - Кантип келди ал?

Саймаити: - Кол менен ташылып келген.

Кабарчы: - Кимдин акчасы эле ал?

Саймаити: - «Абу-Сахинин» акчасы да. Абдукадырдын.

Кабарчы: - Эмнеге аны кайра фондго которуп атат?

Саймаити: - Фонд менен иши бар да, шерик алар.

Кабарчы: - «Иш банктын» [Түркия] кайсы филиалынан жөнөттүңүз эле, эсиңиздеби?

Саймаити: - Мертерден салгам. [Стамбулдун бул районунда Саймаитинин иш кеңсеси жайгашкан].

Кабарчы: - Аны эмне деп салдыңыз, фондго?

Саймаити: - «Жардам» деп салдырган да. Аялымдын атынан да «жардам» деп которгонбуз. Ажынын (Хабибулла Абдукадыр) акчасы да, «Абу-Сахи» компаниясыныкы. Анын-мунун атынан, «бирин менин, бирин башканын, компаниянын атынан Түркиядан, Өзбекстандан, Дубайдан да которуп коесуң» дечү. «Жардам берди» деп көрүнөт экен да.

Кабарчы: - Искендер Матраимов «Саймаитини тааныбайм. Ал ортомчу болуп бирөөлөрдүн акчасын которуп коёт экен» деп айтып атпайбы. Сиз Матраимовдордун фондуна башка бирөөлөрдүн акчасын которгонсузбу? Хабибулла Абдукадырдан башка да бирөөлөр «акча которуп бер» дешкенби?

Саймаити: Жок, башка эч ким антип айткан эмес.

Кабарчы: Мисалы, Өзжан деген түрк улутундагы киши жардам катары Саймаити аркылуу акча которгон деп айтты да Искендер Матраимов.

Саймаити: Жок, жалган. Башка балдар аркылуу котортпосо билбедим. Бирок мен аркылуу которгон эмес.

Кабарчы менен Айэркен Саймаитинин ортосундагы бул телефон аркылуу сүйлөшүү сентябрь айында болгон. 

Бирок бир нече жума өтүп, Саймаити башка ондогон маалыматы жана документтери менен бөлүштү, бирок Матраимовдун фондуна байланыштуу кагаздарды бербей жатты. Акырында эмне үчүн кыйылып турганын түшүндүрүп, алгачкы иликтөө обого чыккандан кийинки телефон аркылуу коркуткандар тууралуу кабарчыларга айтып берди.

Анын айтымында, телефон чалган киши айрыкча «Азаттыктын» иликтөөсү ачыкка чыгарган документтерди Саймаити берип-бербегенине, эгер ал берген болсо, анын колунда башка да документтер бар же жок экенине кызыккан.

Журналисттер менен сүйлөшүүсүндө белгилегендей, Саймаити ал кишиге эч нерсе ачыкка чыгарбаганын айткан. «Документтин жарымы Кыргызстанда калып кеткен, жарымы менде десем, “кайсы-кайсы документ калган?” деди. Алиги 200 миңдики, калган документтер менде дедим да.

Саймаитинин айтымында, чалган адам буга анча ынанган эмес. «Сен берип атыпсын», — деп кайталаган ал киши.

«Алар абдан коркунучтуу», — деп телефон чалган кишинин артында турган адамдарды сүрөттөп берген эле Саймаити. «Бир кагаз тагдырымды чечип коюшу мүмкүн», — деген ал.

Октябрь айынын соңунда Саймаити менен журналисттердин Стамбулдагы кездешүүсү алардын акыркы бетме-бет сүйлөшүүсү болуп калды. Босфор боюндагы итальян ресторанында болгон бир нече сааттык сүйлөшүүдө ал кошумча бир нече документти берген. Бирок дагы эле Матраимовдун фондуна каражат жөнөтүлгөнүн ырастаган документтердин түп нускасын чыгарган эмес.

Саймаити кийинки күнү эртең менен бир кабарчы менен банкка чогуу барып, бул акча которуулган учурлар тууралуу далил кагаздарды көргөзүүгө убада берген. Бирок ал кийинки күнү чечимин өзгөртүп, жолугушууга келген эмес.

Андан кийин текст түрүндөгү (СМС) кат алышууларда ал 14-ноябрда түрк жарандыгын алгандан кийин Райымбек Матраимов жөнүндө «көп, көп... көп» документтерди берерин айткан. Эгер Кыргыстандагы расмий органдар эл аралык полиция аркылуу анын артынан түшө турган болсо, түрк атуулдугу аны экстрадициядан коргоп калат деген ишенимде болгон.

Саймаити акыркы жолу 10-ноябрдын кечинде интернетке кирген. Бир нече сааттан кийин ал Стамбулдун кафелеринин биринде – өзү күткөн мөөнөткө төрт күн калганда атып өлтүрүлдү. Түрк полициясы анын өлүмү боюнча төрт кишини кармаганы белгилүү болду.

Саймаити көрсөткөн банктык ырастамаларга ылайык, анын аялынын банктагы эсебинде 100 миң АКШ долларынан башка акча дээрлик которулган эмес. Бул күмөндүү акчаны адалдоонун кеңири жайылган белгиси. 

Саймаитинин колунда дагы көп документ болгону бышык. Ал өлөрүнө аз калганда, дагы бир канчасын ортомчу адамга калтырып кеткен. Алардын арасында Матраимовдун фондуна 100 миң доллар которулганын ырастаган кошумча бир банктык тастыктама бар.

Бул документтердин анын колунда болгону Саймаитинин ал акча которулган учурлар тууралуу банктык маалыматтарга колу жете алган адам болгонун тастыктап турат.

Саймаити убадасын толук аткара алган жок. Бирок төмөнкү сүйлөшүү ага көргөн-билгенин жалпыга жеткирүүгө акыркы мүмкүнчүлүк берет.

Райымбек Матраимовдон комментарий алууга мүмкүн болгон жок. Анын үй бүлө мүчөлөрү да жооп беришкен жок. Ал эми Искендер Матраимовдун жардамчысы дагы убакыт бергиле деп суранды. Иликтөөгө катышкандардын коопсуздугунан улам ал өтүнүч аткарылбай калды.

Райымбек Матраимов менен иштешип жүргөн адвокат аны менен кызматташтыгын токтотконун билдирип, комментарий берүүдөн баш тартты.

Абдукадырдын үй бүлө өкүлдөрүнөн, Бажы кызматынан жана Кыргызстандын күч органдарынан комментарий сураган бир нече өтүнүчүбүз орундалган жок.

Кошумча: