Депутат Искендер Матраимов журналисттик иликтөөнү сынга алды

Депутат Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында финполдун башчысына жана «Азаттыктын» журналисттерине каарын чачты.

Контекст: Бардыгы «Клооп», «Азаттык» жана OCCRPнин журналисттеринин Кыргызстандан 700 млн доллардан ашуун акчаны чыгарып кеткен жана Стамбулда киши колдуу болгон уйгур тектүү кытайлык ишкер Айэркен Саймаити тууралуу иликтөөсүнөн улам болууда. Саймаити журналисттерге контрабанда жана акчалар Абдукадырга таандык экенин, ал эми коррупциялык схеманы жөнгө салууда аларга бажы башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов жардам бергенин айтып берген. Райымбек Матраимов — Искендер Матраимовдун иниси. Матраимовдордун кланынын таасири чоң деп эсептелинет, ал эми Райымды эл оозунда «Раим миллион» деп аташат.

Депутат Финполдун башчысы Бакир Таировду Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллардан ашык суммадагы акчага тиешеси бардыгын тастыктап койду дегенчелик кылып айыптады.

«Финполициянын башчысы [Матраимовдордун] үй-бүлөсү бардык нерсеге күнөөлүү деп, бизди аткезчиликке айыптады. Кандай акыңыз бар?» — деп келтирет депутаттын айткандарын 24.kg.

Бакир Таиров Матраимовдордун акчанын чыгарылышына тиешеси бардыгы жөнүндө айтканын четке кагып жатты. Мурдаарак ал болгону Кыргызстандан чындыгында эле журналисттер аныктаган 700 миллион доллардан да көп ири суммадагы акча чыгарылып кеткенин тастыктаган. Таировдун айтымында, Саймаити Кыргызстандан 932 миллион 736 миң доллар чыгарып кеткен.

Депутат Искендер Матраимов Таировго айткан нааразычылыктарынан кийин залдан «Азаттыктын» журналисттерин издей баштаган. Ал журналисттерге аткезчиликти анын иниси Райымбек Матраимов менен байланыштырган иликтөөнүн ыктымал жалгандыгы үчүн нааразычылыгын айтты.

«Кечээ бир каза болгон уйгурдун сөзү менен, ошого ишенип жаза бериш керекби?» — деп айтты депутат. «Эмне үчүн жоопкерчиликти ошондогу бажынын башчысы эмес, анын орун басары тартыш керек

Искендер Матраимов журналисттер Айэркен Саймаитинин сөздөрүн чын экендигин текшериш керек болчу деп айтты. Бирок, Саймаити берген маалыматтардан тышкары да журналисттерде Абдукадыр кланын Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланыштырган фактылар бар болчу.

Мисалы, Райымбек Матраимовдун аялы Уулкан Тургунова Абдукадырдын үй-бүлөсү менен биргеликте Дубайда курулуш долбоорууна ээ. Тургунова долбоордо инвестор катары белгиленген. Дагы бир инвестор — Маймаитили Хадир бул Хабибула Абдукадырдын бир тууганы. Үчүнчү катышуучусу AKA International компаниясы.

AKA International «АКА» топ компаниялардын ичине кирет. Мындан сырткары ага AKA Petroleum, AKA Immobilien, AKA London Trading и MBL Investments компаниялары кирет. Алардын баары Абдукадыр менен байланыштуу. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун айтымында, ал Хабибула Абдукадырды «АКА» топ компаниялардын жетекчиси катары билет.

Депутат Искендер Матраимовдун жубайы Миновар Жумаева AKA Immobilienдин негиздөөчүсү. «АКА» менен Финполдун башчысы Бакир Таиров байланыштуу — анын бир тууганы Искендер АКА Petroleumдун бизнес өнөктөшү болгон. Искендер Таиров кайтыш болгондон кийин «AKA Petroleum» компаниясын маркумдун аялы Чолпон Элмуратова жана ага-ини Таировдордун жездеси Токтосун Туманбаев башкарууга алышкан.

2018-жылдын апрелинде Эдил Байсалов иликтөө жасап, анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Пархати Субихи жана Токтосун Туманбав аркылуу «АКА» менен байланыштырган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Дубайдагы өнөктөштүк. Матраимовдор Абдукадырдын үй-бүлөсү менен кантип кызматташышат?