Кой-Таш айылы. «Клооп» үчүн Дмитрий Мотиновдун сүрөтү

ИИМдин криминалдык милиция кызматы 6-августтан 9-августка чейин Кой-Таштын аймагында же аталган убакыт аралыгында ошол жерде жүргөндөргө байланышка чыккан уюлдук байланыш абоненттерине чалып жатат. Бул Кыргызстандын атайын кызматтарынын мобилдик тармактардын абоненттеринин изине түшүп жаткан алгачкы масштабдуу учуру.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алуу учурунда жеринде иштеп жаткан кесиптештери менен байланышка чыккан «Клооптун» эки журналисти Айзирек Иманалиева менен Нуржамал Жаныбековага 21-ноябрда ИИМдин криминалдык милиция кызматынан телефондук чалуу болгон.

Криминалдык милиция кызматынын кызматкери маектешүүдө Кой-Ташта болгон же ошол жакта жүргөндөр менен байланышка чыккан абонеттерге телефон чалууларды кылып атканын, ал үчүн уюлдук байланыш операторлорунан алынган чалуулардын тизмесин колдонуп атканын түшүндүрдү. Анын айтымында, бул тизмеде 1,5 миңге чукул абонент бар.

Криминалдык милиция кызматынын кызматкери «Клооптун» журналисттерине телефон чалып, өзүн тааныштырып, андан кийин ал чалып жаткан номерлер журналисттерге таандыгын, алардын аты-жөнүн, туулган жылын жана алар кайсы себептен баш аламандык учурунда Кой-Таш айылында жүрүшкөнүн же ал жакта жүргөндөр менен байланышканын тактаган.

Мындан тышкары, ал журналисттердин бирин ички иштер органдарына андан аркы маектешүүгө чакырды — бирок журналист сунуштан баш тартты.

«Клооптун» кызматкерлеринен тышкары, эл аралык «Франс-Пресс» маалымат агенттигинин Кыргызстандагы кабарчысы Толкун Наматбаевага да телефон чалуу болгон. Ал чалып жаткандар анын аты-жөнүн жана телефондук чалуу түшкөн номер ага таандык экенин алдын ала билишкенин айтты.

«Алар суракка чакыруу кагазы азырынча жок экенин жана аны ушул жуманын башында мага жөнөтөөрүн айтышты. Албетте, мунун баары нормалдуу эмес, анткени ушунча убакыт өткөн. Анын үстүнө, мен өзүмдүн журналисттик жумушумду аткарып жаткам, Кой-Ташка чалышым керек болчу, ал жакта жүргөн басма сөз борбору жана саясий кеңештин мүчөлөрү менен байланышкам», — деп айтып берди Наматбаева.

Ички иштер министрлигинен абоненттерге телефон чалуулар мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Кой-Ташта орун алган башаламандыктарды иликтөөнүн алкагында болуп атканын түшүндүрүп беришти «Клоопко» .

«Мегаком» компаниясынан «Клооптун» журналистине айтып беришкендей, уюлдук байланыш оператору соттун токтому боюнча ички иштер органдарына абоненттердин номерлерин берүүгө милдеттүү. Компаниянын өкүлү бюрократиялык ызы-чуулардын айынан ички иштер органдары мындай токтомду сураган-сурабаганын билүү кыйла татаал экенин кабарлады.

Телефон чалуулардан тышкары, милиция кызматкерлери машиналары Кой-Ташта байкалган журналисттерге да барышкан. Атамбаевдин үйү штурмга алынган күндөн бир апта өткөн соң «Клооптун» оператору Эржан Бейшеналиевдин үйүнө аймактык милиционерлер келишкен.

Алар оператордун атасынан уулу августтун башында кайда жүргөнүн жана кандай себептер боюнча машинасы Кой-Ташта байкалганын сурашкан.

Из чалуу кандай иштейт?

Эгер адамдын жанында телефону күйгүзүлгөн болсо, анда анын жүргөн жери дайыма байланыш операторуна белгилүү. Атайын кызматтар оператордон айрым бир убакытта белгилүү бир жерде жүргөн адамдардын бардыгынын номерлерин жана пресоналдык маалыматтарын сурап ала алышат.

Атайын кызмат адамдын номерин билгенден кийин оператордон анын бардык телефон чалууларын чыгарып берүүнү сурап ала алышат — бул адам кимге, канчада чалганын жана кимден телефон чалуу түшкөнүн.

Уйюлдук байланыш операторуңуз жүргөн жериңизди билбей калышы үчүн телефонуңузду Фарадейдин капасына салып коюушуңуз керек — бул электромагниттик талааларды өткөрбөгөн түзмөк же болбосо телефондон батарейканы чыгарып салуу зарыл.

Эгер мага чалышса эмне кылышым керек?

Эгер сизге жогоруда аталгандай телефон чалуу түшкөн болсо, юрист Фатима Якупбаева төмөнкүлөрдү жасоону кеңеш кылат:

Биринчиден, сиз менен сүйлөшкүсү келип жаткан адамдын аты-жөнүн жана кызматын жазып алуу керек.

Экинчиден, коркпой-үркпөй эле атыңызды алдабай айтып, мүмкүнчүлүк болушунча тергөөгө жардам бериш керек. Эгер чындап эле кандайдыр бир кылмыштуу иштер жөнүндө билип туруп, аны айтпай жаткан болсоңуз, анда бул жаап-жашыруу катары бааланышы мүмкүн.

Эгер кандайдыр бир маалыматты бергиңиз келбесе, анда сиздин ага укугуңуз бар. Мындай учурда милициянын өкүлүнөн тергөө үчүн керектүү сиздеги документтерди алууга сот токтомун талап кылышыңыз керек.

Эгер маек учурунда сизди андан аркы сүйлөшүүгө чакырып жатышса, анда ага барбай деле койсо болот. Ички иштер органдарына эгер расмий чакыруу келсе гана баруу керек. Ага да адвокат менен барган оң.

Эгер сиз менен Кой-Таштагы окуялар боюнча байланышка чыгышса, aidai.irgebaeva@kloop.kg дарегине кат жазып, биз менен байланышыңыз.