Дизайнер Алексей Лысогоров социалдык тармактарда шаардагы экологиялык абалга төп келген Бишкектин эн белгисин жарыялады.

«Бүгүнкү күндүн реалдыгына ылайык Бишкектин жаңы туристтик бренди», — деп жазган ал. Бишкекте аба ден соолук үчүн зыян — анда зыяндуу заттардын концентрациясы жогору. Орто суткалык көрсөткүчтөргө ылайык, ал «ден соолугу жактан сезимтал адамдар үчүн кооптуу».

Шаар бийлиги калаада аба кооптуу экенин мойнуна алып, тургундардан бет кап кийип жүрүүнү жана аба тазалагычтарды сатып алууну суранган.

Бишкектеги аба жөнүндө кеңири окуңуз:

Инфографика: Бишкектиктер кандай аба менен дем алышат жана булганган аба алардын ден соолугуна кандай зыян тийгизет?