ИИМ Хуфур Абдурахеман менен Саймаитинин ортосунда байланыш тапкан жок

Ички иштер министринин орун басары Памир Асанов киши колдуу болгон таксист Хусан Керимов курьер болушу мүмкүндүгү жана Кыргызстандан Түркияга акча ташып жүргөн болушу жөнүндө билдирип, бирок азырынча ИИМде муну бышыктаган далилдер жок экенин кабарлады.

«Биз азыр далилсиз айта албайбыз, факттарга негизделиши керек. Ишке тийиштиги барлардын бардыгын текшерип жатабыз. Бардык версиялар далилдер менен бышыкталышы керек. Ошондой эле Түркиянын укук коргоо органдарына сурамдар жөнөтүлдү. Жооп алганда толук кандуу маалымат беребиз», — деди ал.

Ал Кыргызстандан акча чыгарылганына байланыштуу факттардын бардыгы текшерилээрин кошумчалады. «Биз маморгандардын бардыгына тапшырмаларды бердик. Материалдар көлөмдүү, убакыт керек», — деди министрдин орун басары.

ИИМдин тергөө кызматынын начальниги Сыргак Айткулов октябрдын ортосунда Нарын облусунда киши колдуу болгон «Мадина» кафесинин ээси Хуфур Абдурахемандын Айэркен Саймаити менен байланышы жоктугун билдирди.

«Адам өлтүрүү боюнча кылмыш ишин иликтөөнүн шартында сегиз адам тергөө органдарына жеткирилди. Жети адамдын тиешеси бардыгы жөнүндө далилдер бар. Сот тарабынан камакта калтыруу түрүндө баш коргоо чарасы кабыл алынган», — деп кошумчалады ал.

Хуфур Абдурахеман — Кытайдан келген этникалык уйгур, алты баланын атасы. Ал Бишкектин Мадина базарынын жанындагы «Мадина» кафесинин ээси болгон. Абдурахеман 4-октябрда жоголуп кеткен.

Арадан дээрлик эки апта өткөндөн кийин милициянын кызматкерлери сегиз шектүү адамды кармашкан жана алардын арасында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бар болгон. Алар аны уурдап барып өлтүрүп, сөөгүн Нарын облусунда көмүп салышканын айтып беришкен. Хуфур Абдурахемандын сөөгү 19-октябрга караган түнү табылган.

Айэркен Саймаитинин айтымында, Абдурахеман базарда «акча чогултуучу» катары өзгө соодагерлердин тышка которчу каражатын топтоп берчү.

Таксист Хусан Керимов 22-октябрда өлтүрүлгөн. Милиция анын зомбулук белгилери менен өлтүрүлгөн сөөгүн «Манас» аэропортунун жанында өз машинасынын багажнигинен тапткан.

Милиция кылмыш болгон учурда жатак абагында жаза өтүп жатышкан эки шектүүнү кармашкан. Бирөөсү уурулук жана зомбулук үчүн, экинчиси — аткезчилик жана баңгизаттарды сактоо үчүн соттолушкан.

Саймаитинин айтымында, Керимов да аны менен кызматташкан курьерлердин бири болгон.

Кытайлык бизнесмен Айэркен Саймаити өзү 10-ноябрда Стамбулдун мейманкаларынын бириндеги кафеден өлтүрүлгөн. Ал каза таабар алдында аткезчиликтин канчалык кулач жайганы тууралуу маалыматтарды өткөрүп берүүгө үлгүргөн. Ал өлкөдөн 700 млн доллардан ашуун акчаны чыгарып кеткен жана аткез товарлардын ээси болгон бизнесмен Хабибулла Абдукадырга жалданып иштегенин билдирген. Ошондой эле ал Абдукадыр бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен кызматташып жүргөнүн кошумчалаган. Түрк полициясы Саймати киши колдуу болгондон кийин төрт шектүүнү кармаган.