Ооганстандык кыргыз бала жылкысы менен. Сүрөт: Мэтью Пэли

National Geographicтин фотосүрөтчүсү Мэтью Пэли Ооганстандын Памир тоолорунда жашап жаткан Жума аттуу этникалык кыргыз баланын сүрөтүн жарыялаган.

Пэлинин айтымында, Жуманын атасы өзүнүн дээрлик бардык малын апийимге алмаштырып салган. Андан кийин бул үй-бүлөдө бир нече топоз жана баланын сүйүктүү жылкысы гана калган.

Учурдагы ооган кыргыздары — бул 1575-1930-жылдары Ооганстанга көчүп келген кыргыздардын урпактары. Этникалык кыргыздар Чоң жана Кичи Памир тоолорунда оор шарттарда жашашат жана саламаттык сактоо кызматтары, билим алуу аларга жеткиликсиз.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Биз силерди дайыма күтөбүз»: Памир кыргыздарына экспедиция