Издөөгө алынган экс-аткаминерди адам өлтүрүү ишинде жалган көрсөтмө бергени үчүн жазалоо талап кылынды

Насирбек Алмаматов

Адвокат Чынара Жакупбекова Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) мурдагы кызматкери Насирбек Алмаматовду Камила Дүйшөбаеванын өлүмү тууралуу иш боюнча жалган көрсөтмө бергени үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну Башкы прокуратурадан талап кылды. Жакупбекова мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын тууганы Калыйбек Элтуйбасовдун кызыкчылыктарын коргойт. Ал 2017-жылы «тергөө жүргүзүүгө тоскоолдук кылуу» боюнча издөөгө алынган.

Калыйбек Элтуйбасовго каршы айыптоо Алмаматовдун көрсөтмөнүн негизинде түзүлгөн. Алмаматов Элтуйбасов (Салянов) саунанын 2014-жылдын 10-мартындагы видео байкоо жазмаларын өчүрүп салган деп билдирген — ошол күнү саунадда болжол менен Камила Дүйшөбаева болгон.

Чынара Жакупбекованын айтымында, Башкы прокуратура алгач «сотко чейинки өндүрүш баштоого негиздердин жетишсиздигинен» кылмыш ишин козгоодон баш тарткан, бирок учурда айыпталуучунун тарабы кошумча далилдерди берген.

«Тергөө учурунда так кесе коргоп жаткан адамым кыз өлтүрүлгөнгө чейин достору менен саунада эс алып жаткандагы видеотасманы өчүрүүгө буйрук бергени далилденген жок, муну аталган саунанын директору да тастыктаган жок. Ал эми Насирбек Алмаматов болсо Элтуйбасов буйрук берген деп жаткан. Бул жалган жана ал үчүн кылмыш беренеси бар», — деп түшүндүрдү Чынара Жакупбекова.

Студент Камила Дүйшөбаева 2014-жылдын 10-мартында киши колдуу болгон. Милиция «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ондогон күбөлөрдү суракка алган. ИИМдин ар бир жаңы башчысы бул ишти өз көзөмөлүнө алып келген, бирок беш жылдан бери иштин бети ачылбай жатат.

Алмаматов кайда?

Алмаматовду жоопкерчиликке тартуу кыйын, анткени бүгүнкү күндө укук коргоо органдары ал кайда жүргөнүн билбейт. Ага сотто 12,5 жыл эркинен ажыратуу жазасын кайтарышкандан кийин жоголуп кеткен.

Алмаматов 2018-жылдын ноябрында пара алуу боюнча кармалган. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал автотранспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоодо, ошондой эле авто мектептердин окуучуларынан айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен тапшырууда мыйзамсыз акча чогултууларды алуу боюнча коррупциялык схеманы түзгөн.

2019-жылы мартта райондук сот аны 12,5 жылга абакка кесүү өкүмүн чыгарган, бирок үстүбүздөгү жылдын июлунда шаардык сот ага 3,3 млн сом штраф дайындап, сот залында камактан бошотуу менен өкүмдү өзгөрткөн.

Бул чечим коомдун нааразылыгы менен сот органдарына карата сындарды жаратып, Жогорку сот 30-октябрда Алмаматовду 12,5 жылга эркиндиктен ажыратуу тууралуу биринчи өкүмүн күчүндө калтырууну чечкен. Айыпталуучу өзү бул отурумда болгон эмес, анын адвокаты Алмамтовдун ооруп жатканын билдирген.

4-ноябрда ага издөө жарыяланганы белгилүү болгон. Учурда Алмаматов кайда экени дагы деле белгисиз.