Бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, андан тышкары, агасы жана алардын аялдары «Азаттык», «Клооп» жана 24.kg басылмаларын сотко берди. Бишкектин Свердлов райондук соту бардык үч басылманын банктын эсептерин камакка алуу боюнча дароо эле аныктама чыгарган.

Эми «Клооптун» банктык эсеби мындайча көрүнүп калды:

Минус 173388 доллар жана 36 цент — бул минус дээрлик 12,1 млн сом.

Матраимов доо арызында «Клооптон» 12,5 млн сом өндүрүүнү талап кылган. «Клоопко» доо арызы тууралуу белгилүү болгон убактан тарта, эсеп камакка алынганга чейин эки сааттан ашык убакыт өтө элек.

«Клооп» эсепти камакка алуу боюнча аныктаманы Бишкек шаардык сотунда даттанат.

Матраимовдордун доо арызы жөнүндө кененирээк