Сот Матраимовдордун доосу боюнча «Азаттык», «Клооп» жана 24.kgнин банк эсептерин камакка алды

Бишкектин Свердлов райондук соту бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, анын агасы Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана коомдук фонду «Азаттыкка», «Клоопко» жана 24.kgге доо коюп сотко бергенин билдирди.

Соттун маалыматы боюнча, Райымбек Матраимовдун ар-намысын жана кадыр баркын коргоо боюнча доонун суммасы төмөнкүдөй: 22 миллион сом «Азаттыкка», 12,5 миллион сом «Клоопко», 15 миллион сом 24.kg басылмасына жана 10 миллион сом «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновго.

Судья Жылдыз Ибраимова үч басылманын банктык эсептерин камакка алуу тууралуу аныктама чыгарганы белгилүү болгон.

Райымбек Матраимов — бажыдагы коррупция, аткезчилик жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу «Азаттык», «Клооп» жана OCCRPнин биргелешип чыгарган журналисттик иликтөөнүн фигуранттарынын бири.

Анын агасы Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин депутаты.

Бизди сотко берүүгө негиз болгон журналисттик иликтөөлөрдү окуп көрүңүз:

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар