Ош шаарында көп кабаттуу үйдүн мыйзамсыз башталган курулушу токтотулду

Алиев көчөсүнө "Золотой квадрат" ЖЧКсы кура баштаган көп кабаттуу үйдүн котлованы. Сүрөт: Айзат Камчыбекова 

Ош шаарынын Алиев көчөсүнүн тургундары алардын турак жайларына жакын курула турган көп кабаттуу үйдүн түшүшүнө нааразы. Аталган көчөдө жер тамдар орун алгандыктан көп кабаттуу үй курулса, алардын турак жайларына күн тийбей калаарын айтышууда.

«Котлован казып жатканда келип документтерди көрсөт десек, [компаниядан] эч нерсе көрсөтө алышкан жок. Азыр 8-9 кабаттуу үй түшө турган болсо биздин үйлөрдүн баарын дат басат», — деп билдирген тургундардын бири Сайпидин Мурзалиев «Т-Медиа» басылмасына.

Көп кабаттуу үй курула турчу тилкеде мурда жер тамдар болгон. Ал эми алардын ортосунда муниципалдык жол бар болчу дейт дагы бир жашоочу Улан Боронбаев. Анын айтымында, көп кабаттуу үй түшсө муниципалдык жол тосулуп калат. Ал мындан улам тез жардам унаасы жана өрт өчүрүү кызматы башка турак жайларга кире албай калышат деп кооптонууда.

Шаардык архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары Ырысбек Токоев «Клоопко» билдиргендей, курулушту «Золотой квадрат» ЖЧКсы баштаган жана алардын көп кабаттуу үй курууга тиешелүү уруксат кагаздары жок.

«Компания котлованды уруксатсыз казып алгандыгы үчүн эскертүү берилсин деп экотехинспекцияга кат жөнөткөнбүз. Азыр курулуш иштери токтотулган», — деди Токоев.

Мамэкотехинспекциянын Ош шаары боюнча башчысы Рыспек Юсупов «Клоопко» аталган компанияга бузууларды чететтүү тууралуу эскертүү берилгендигин тастыктап, 23 миң сом айыппул салынганын кошумчалады.

Курулушту баштаган «Золотой квадраттын» өкүлү Нурбек Таалайбек уулу компания тийиштүү уруксат кагаздарын албай туруп котлован казганын мойнуна алды.

«Билбей котлован казып баштап алыппыз. Бир айдан бери дарбаза жабык турат. Учурда курулуш иштерин жүргүзүү үчүн талап кылынган уруксатнаамаларды алуунун үстүндө иштеп жатабыз», — деди Таалайбек уулу.

Анын айтымында, нааразычылык билдирген тургундар курулуш түшүп жаткан жерден бир топ алыс жашайт. Ошондой эле алар компанияга үйлөрүн сатып алууну сунушташкан, бирок бааны кымбат айтышкандыктан сатып алуудан баш тарткан.

Буга чейин Ош шаардык сот аткаруучулары калаадагы «Евро Cтиль» компаниясынын көп кабаттуу курулушун бузууга киришишкен. Ага шаардык жана облустук соттордун курулуш «мыйзамсыз» деп өкүм чыгарганы себеп болгон. Кийинчерээк компания өкүмдү Жогорку сотко даттанган. Жогорку соттон соттук териштирүүлөр аяктаганга чейин курулушту бузуу иштери токтотулсун деген чечим чыгарган.