Ошто сот аткаруучулар «мыйзамсыз» курулушту бузууну башташты

Ош шаарындагы "Евро Стиль" компаниясынын "мыйзамсыз" курулушу. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / kloop.kg

Ош шаардык сот аткаруучулар кызматы 4-июнда «Евро Cтиль» компаниясынын көп кабаттуу курулушун бузууну баштады. Буга шаардык жана облустук соттордун курулуш «мыйзамсыз» деп өкүм чыгарганы себеп болгон.

Шаардык экотехинспекциянын башкы инспектору Жайнак Абдираимов Абсамат Масалиев көчөсүндө жайгашкан турак жайдын курулушу уруксат кагаздары жок башталганын «Клоопко» билдирди.

«2018-жылы 2-июда текшерип келгенбиз. Анда котлован казылып башталган экен. Ошондо ишти токтотуу боюнча жазма эскертүү берилген. Бирок октябрда курулуш иштери кайрадан жанданган. Курулуш үчүн архитектурадан толук уруксат кагаздарын алыш керек да. АПУ, долбоор, экспертизанын корутундусу, курулушка уруксат ошонун баары алынышы керек. Бирок ишкананын колунда бир дагы кагаз жок. Биз көрө алган жокпуз», — деп түшүндүрдү Абдираимов.

«Евро Стиль» компаниясынын өкүлү Бакыт Сарыбаевдин айтымында, курулуш башталганга чейин уруксат кагаздары алынган. Ошого карабастан көп кабатуу турак жайдын салынышы «мыйзамсыз» деп табылган.

«Мэрия уруксат берген, архитектурадан уруксат берилген, шаардык кеңешмеден документтери өткөрүлгөн. Уруксат берилгенден кийин салынышы керек да. Жашоочулар уруксат беришкен, кол тамгалары да бар. Бул жерди эсептебегенде курулушка 1 млн доллар кеткен. Ушунча акча жумшалды, убал да», — деген Сарыбаев облустук соттун өкүмү Жогорку сотко даттанылаарын кошумчалады.

Ош шаардык соту 2018-жылдын декабрында аталган турак жайдын курулушун «мыйзамсыз» деп таап, курулуш иштерин токтотуу жана кабылына келтирүү чечимин чыгарган. Мындан тышкары, компанияга 200 миң сом айып пул салынган. Курулушту баштаган «Евро Cтиль» компаниясы өкүмдү облустук сотко даттанып, бирок шаардык соттун чечими күчүндө калтырылган.

Шаардык сот аткаруучулар кызматынын улук сот аткаруучусу Жеңишбек Шерматов курулушту токтотуу боюнча компания жетекчилигине бир нече жолу эскертүү берилген дейт. Ага карабастан курулуш иштери улантылган. Ал эми 4-июнда сот аткаруучулар жерди мурдагы абалына келтирүү максатында курулушту бузуу иштерин башташты.

«[Компания] ушул күнгө чейин курулуш иштерин токтотпогондуктан, мажбур иретинде бүгүнкү күндө мэриянын бузуу бөлүмү менен биргеликте келип, [бузуу иштерин] жүргүзүп жатабыз», — деди Шерматов.

Жергиликтүү бийликтен шаарда уруксат кагаздары жок курулуш иштерин баштап алган 28 объект бар болгонун маалымдашты.

ТЕМА БОЮНЧА: Сулайман-Тоонун корук аймагында токтотулган курулуш кайрадан жанданды