Парламенттик комитет Бекназаровду Малайзиядагы элчилик кызматка жактырды

Парламенттин эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитети экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун Кыргызстандын Малайзиядагы элчилик кызматына талапкерлигин жактырды.

«Тил — маанилүү эмес, эң башкысы мамлекеттик тилди билүү керек. Маселе өз тилиңди канчалык жакшы көрөөрүңдө болууда», — деп билдирди Бекназаров журналисттерге.

Анын айтымында, элчиликтин ишинде кереги тийчү 200 сөздү 3-5-класстардын окуучулары деле жаттап ала алышат. «Мен деле бир ай ичинде Малайзия тилинде эки жүз сөздү жаттай алам», — деп белгиледи ал.

Комиттетин 12 мүчөсү Бекназаровдун кызматка дайындалышы үчүн макул деп добуш беришсе, бир депутат, тагыраагы Ирина Карамушкина каршы добушун берди.

Бекназаровдун элчилик кызматка дайындалышы тууралуу маалымат үстүбүздөгү жылдын сентябрында эле пайда болуп, бирок анда ал бул маалыматты четке кагып койгон.

Экс-башкы прокурор буга чейин эч качан дипломаттык кызматты аркалаган эмес.

Парламенттик комитеттин Бекназаровдун талапкерлигин жактырып койгону ал элчи болуп калды дегенди билдирбейт. Ал бул кызматты президент тийиштүү жарлыкка кол койгондон кийин гана аркалай баштайт.

Президент Сооронбай Жээнбеков мурдараак Бекназаровдун тил билүү жөнүндө пикирине таптакыр дал келбеген көз карашын айткан болчу.

Элчилер жана тилдер

2019-жылы мартта президент Жээнбеков кыргыз элчилеринин ишин сынга алган.

Ал кыргыз элчиликтеринин кызматкерлери өздөрү иштеп жаткан өлкөнүн тилин билбегендерине нааразы болгон. Президент муну Түркия жана Бельгияга жасаган сапарлары учурунда байкаган.


«Адистерди жумушка алууда талаптар жогору болушу керек. Эсепчиден баштап, айдоочу менен бүтүп, бардыгы, которгонду [чет тилинен кыргызчага] билиши керек», — деген Жээнбеков.