Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкектеги экинчи антикоррупциялык #reакция митингине 600дөн 1200гө чейин адам келген. Бул жолу милиция акцияны токтотууга аракет кылган жок жана митинг кармоосуз өттү.

Катышуучулар Жогорку Кеңештин жанындагы революция курмандыктарынын эстелигине «Клооп» жана «Азаттыкка» каршы басым кылууну токтотууну талап кылып чыгышты. Бул кыргыз бажысындагы коррупция жөнүндө иликтөө чыгарган басылмалар. Ошондой эле 24.kg басылмасын коргоо чакырыктары айтылды — бул аталган иликтөөнүн баяндамасын чыгарган басылма.

Райымбек Матраимовдун доо арызынан улам эртеңден тарта үч ЖМКда тең соттук процесс башталат. Матраимов — бажы башчысынын мурдагы орун басары жана журналисттик иликтөөнүн фигуранттарынын бири.

Бийликтен коррупцияга каршы реформаларды талап кылгандан кийин митингчилер чыдабай тургандыктарын белгилөө менен колдорундагы кызыл карточканы көтөрүштү. Буга чейинки акцияда өкмөтткө сары карточка менен эскертүү берилген.

Митинг бир жарым саатка чукул убакытка созулду. Милиция аны мурдагы #reакция митингиндей кылып токтотууга аракет кылган жок. Мындан тышкары, ИИМдин кызматкерлери коомдук тартипти сактап беришти — алар тынчтык чогулуулардын эрежелерин түшүндүрүп, жолдорду тоспоону өтүнүштү.

«Кырк Чоро» жана милиционерлердин тизилген катары

Митинг башталгандан кийин парламенттин имаратына «Кырк Чоро» кыймылынын 30га чукул өкүлү келди. Алар коррупцияга каршы митингдин катышуучулары менен кайым айтышышып, катышуучуларды «америкачылар» деп айыпташты.

«Кырк чоро» кыймылынын калпакчан мүчөлөрү Кыргызстандын желегин көтөрүп алып, митингди көздөй бара жатышат.

Бирок, андан кийин «Кырк Чоро» Ала-Тоо аянтынын башка тарабына өтүп, Манастын эстелигинин алдында коррупцияга каршы өзүнчө акция өткөрүштү.

Ошол эле убакта, чоңураак #reакция митингинин катышуучулары добулбастын үнү менен кошо «Ууруларды түрмөгө!», «Сөз эркиндиги», «Клооко, Азаттыкка жана 24.kgге азаттык» деген ураандарды кыйкырып жатышты.

Ошол учурда ондогон милиция кызматкерлери митингдин катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо максатында Ала-Тоо аянтында бир катарга тизилишти.

Кийинчерээк акцияга келгендер «Кырк Чоро» кыймылын окуянын борборуна киргизбей койгон милиция кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Саясатчылардын арасынан #reакцияга парламенттин үч депутаты келген: Дастан Бекешев, Элвира Сурабалдиева жана Рыскелди Момбеков.