Сүрөт: Кактус

Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматов мектеп курулушундагы коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок 15 жылга эркинен ажыратылбастан мүлкүн конфискациялоо жана беш миллион сом айып пулга жыгылды. Мурдагы калаа башчысы сот залынан бошотулду. Ал 2018-жылы жайында кармалып, 1,5 жыл камакта болуп чыкты.

Сот залынан тарапкерлери аны колго салып көтөрүп чыгышты. Андан соң Кулматов журналисттерге сот чечимине нааразы экенин айтты, анткени баары бир деле күнөөлүү деп табышкан.

«Менин чыкканым, бул жакшы. Бирок мен бары бир деле күнөөлүү эсептелгениме нааразымын. Биздин таптакыр күнөөбүз жок», — деди Кулматов.

Ал эми Бишкектин дагы бир экс-мэри Албек Ибраимов айыптоо 20 жыл сураганы менен 15 жылга эркинен ажыратылды.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кулматов бошотулуп, Ибраимов соттолду