Кулматов бошотулуп, Ибраимов соттолду

Бишкектин Ленин райондук соту калаанын мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовду күнөөлүү деп тапты. Ибраимов 15 жылга эркинен ажыратылды. Айыптоо мурдагы мэрди 20 жылдык жазага тартууну сунуштаган.

Кулматов бардык жагдайларды эске алуу менен 5 млн сом штрафка жыгылып, сот залынан бошотулду. Штрафтан тышкары, Кулматовдун мүлкү конфискацияланды. Айыптоо аны 15 жылга соттоону сунуштаган.

Ошол эле иш боюнча өтүп жаткан мэриянын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын (КМККБ) мурдагы жетекчиси Сталбек Өмүрканов, «Калыс-Ордо» конушундагы мекетептин курулушунун жалданмачы компанияларынын башчылары Сейиткан Алиев жана Кубат Шаршекеев да айып пулга жыгылып, сот залынан бошотулушту.

Мэрлердин иштери

Албек Ибраимов Бишкектин мэрлик кызматындагы коррупция боюнча өтүп жаткан. Ал «муниципалдык жерди мыйзамсыз берүү» жана «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууга байланыштуу күнөөлүү деп табылды. Ага каршы козголгон кылмыш иштери ал 2011-2012-жылдары башкарган «ТНК Дастан» ишканасына байланыштуу.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Ибраимов заводко кымбаттатылган баада «коргонуу каражаттарын» сатып алууга келишим түзүп, ал үчүн 270 миң доллар алган.

Ал эми мурдагы мэр Кубаныбек Кулматов 2014-жылы Калыс-Ордо конушунда мектеп курууда кытайлык гранттын эсебинен 2 млн долларды мыйзамсыз пайдаланган делип айыпталган.

Кулматов менен Ибраимов Атамбаевдин учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен араздашуусунун шартында кармалган. Камакка алынгандан кийин экс-мэрлер «саясий» куугунтукталып атышканын билдиришкен.

Экс-мэрлерден тышкары, бул иш боюнча 13 адам айыпталуучу катары өтүп жатат.