Легендарлуу кыргыз кинорежиссёру Болот Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында 79 жашында дүйнө салды. Кыргыз киносунун классигин акыркы сапарга узатуу зыйнаты 24-декабрда болду.

Шамшиев дүйнөлүк адабияттын классиги Чыңгыз Айтматовдун романдарын экран бетине чыгарып, сценарийлерди жана китептерди жазып, кино дүйнөсүнө сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовду ачкан.

Режиссёр өзүнүн бардык акыркы интервьюларында бүгүнкү Кыргызстанда ал үчүн орун табылбай, өлкөдөн чыгып кетүүгө «аргасыз» кылышканын айтып келген — ал узак убакыт бою Казакстанда иштеп жашаган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Болот Шамшиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтуу кайрылуусун жолдоду.

«Болот Шамшиев залкар кинорежиссёр гана эмес, көптөгөн актерлордун талантын, алардын ички дараметин ачкан көрөгөч жетекчи болгон. Ал Сабира Күмүшалиеваны театрдан киного алып келген. Сүймөнкул Чокморовдун актердук улуу талантын ачкан. Советбек Жумадыловду, Орозбек Кутманалиевди кино дүйнөсүнө тартып, чоң кино жылдыздарына айландырган. [...] Кыргыз өңүн ааламга тааныткан режиссер катары Болот Шамшиевдин жаркын элеси элибиздин эсинде калат», — деп айтылат президенттин көңүл айтуу кайрылуусунда.

Коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев да режиссёрдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.

«Болот Төлөнович дүйнөлүк киноискусствосунда жоюлгус из калтырып кетти. (...) Анын казак драматругиясы менен адабиятынын классиктеринин чыгармаларын экранга чыгарганы жалпы казак жана кыргыз элинин маданий мурасы болуп калды. Болот Шамшиевдин аты биздин ыраазы элесибизде түбөлүккө сакталып калат», — деп билдирди Токаев.

Тема боюнча: