Кыргыз киносунун классиги Болот Шамшиев каза болду

Легендарлуу кинорежиссёр Болот Шамшиев 79 жашында дүйнө салды — ал Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде көркөм тасмаларды тарткан. Шамшиев ноябрда президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караган атайын клиниканын реанимациясына жаткырылган болчу.

Шамшиевди кыргыз киносунун классиги деп атоого татыйт. Анткени ал киноиндустрияда актёр катары да, сценарист катары да, режиссёр катары да иштеди. Ал тарткан тасмалар кыргыз киносунун алтын фондун толуктады. Буга карабастан ал заманбап Кыргызстанда кино тарта албай көп жыл бою Казакстанда иштеди.

«Мен 20 жыл Кыргызстанда отурдум. 15 жыл Акаев киного акча качан берет деп күттүм. Беш жыл Бакиев мезгилинде. Андан кийин өкмөт мага 2,5 млн сом берди. Анын 1,5 млн сомун биздин студиядагы адамдар уурдап алышты. Бир миллион сомго кинонун үчтөн бирин тарттым. Камераны тартып алышты, акча беришкен жок. Үй-бүлөмдү багуу үчүн аргасыздан кетүүгө мажбур кылган шарт түзүп беришти», — деп айткан эле ал.

Шамшиевдин тасмалары көрармандарды жаңы актёрлор менен тааныштырчу. Сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовду алгачкы жолу тасмага тарткан да Шамшиев. Андан кийин Чокморов Шамшиевдин «Ыссык-Көлдүн кызгалдактары» жана «Эрте келген турналарында» тартылат. Шамшиев Айтматовдун үч тасмасын тарткан — «Ак кеме», «Эрте келген турналар» жана «Фудзиямадагы кадыр түн» .