«Менин сунушум болду». Президент Бекназаровду Малайзиядагы элчилик кызматка дайындады

Президент Сооронбай Жээнбеков экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровду Кыргызстандын Малайзиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.

Буга чейин бир күн мурда болуп өткөн жыл жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйында Жээнбеков бул кызматты Бекназаровго өзү сунуштаганын билдирип, ал «жакшы иштеп берет» деп ишендирген.

«Менин сунушум болду. Малайзияга барып жакшы иштеп берет деп ишенем. Кыргызстандын тарыхында эл арасынан суурулуп чыгып, өз оюн элге жакса, жакпаса да айтып жүргөн адамдарды билем. Мисалы, эгемендиктин алгачкы жылдарында Топчубек Тургуналиев, Турсунбек Акун, Жыпар Жекшеев болгон. Мен аларды сыйлайм. 2000-жылдары алардын катарына Бекназаров кошулду. Ал тарыхый инсан. Алардын тагдыры оңой болгон жок», — деп билдирген президент журналисттин суроосуна жооп берип жатып.

Мурдараак Бекназаровдун талапкерлигин парламенттик комитет да жактырган. Экс-башкы прокурордун элчилик кызматка талапкерлиги нааразы кылган жападан-жалгыз депутат — бул Ирина Карамушкина болгон, анткени Бекназаров эл өкүлүнүн «How old are you?» деген суроосуна жооп бере албай калган.

«Тил — маанилүү эмес, эң башкысы мамлекеттик тилди билүү керек. Маселе өз тилиңди канчалык жакшы көрөөрүңдө болууда», — деп билдирди Бекназаров журналисттерге.

Анын айтымында, элчиликтин ишинде кереги тийчү 200 сөздү 3-5-класстардын окуучулары деле жаттап ала алышат. «Мен деле бир ай ичинде Малайзия тилинде эки жүз сөздү жаттай алам», — деп белгиледи ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков мурдараак Бекназаровдун тил билүү жөнүндө пикирине таптакыр дал келбеген көз карашын айткан болчу.

Элчилер жана тил билүү

2019-жылы мартта президент Жээнбеков кыргыз элчилеринин ишин сынга алган.

Ал кыргыз элчиликтеринин кызматкерлери өздөрү иштеп жаткан өлкөнүн тилин билбегендерине нааразы болгон. Президент муну Түркия жана Бельгияга жасаган сапарлары учурунда байкаган.

«Адистерди жумушка алууда талаптар жогору болушу керек. Эсепчиден баштап, айдоочу менен бүтүп, бардыгы, которгонду [чет тилинен кыргызчага] билиши керек», — деген Жээнбеков.