Ош шаардык кеңешинин депутаты Бекболот Арзибаев 25-декабрда өткөн жыйында Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган сахнаны кабыл алган жетекчилерди жоопко тартууну сунуштады. Аны сахнанын «начар» абалда болгону менен байланыштырды.

«Акчанын баары абага кеттиби? Ошону кабыл алган жетекчилер жоопко тартылабы? Орто Азияда жок деп мактаганбыз бирок азыр барсаңыздар кароосуз калган. Акча каякка кетти?», — деп суроо салган Арзибаев.

Шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов маселени карап чыгуу үчүн комиссия түзүлөөрүн убадалады.

«Клооптун» журналисти жерине барып сахна менен таанышып келди. Сүрөттө көрүнүп тургандай сахнанын кээбир жерлеринде жарака кетип, полдун кээ бир жерлери тешилген. Орнотулган чырактардын кээ бири сынган. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн коюлган пандус муз дөбөгө айланган. Подиумдун тепкичтеринде ар кандай жаракаларды байкаса болот, ал эми дубалдар чийилген.

Ак-Буура дарыясынын үстүнө 2018-жылдын мартында подиуму бар сахна курулган. Анын узундугу 60 метр, туурасы 40 метрди түзөт. Ал калаанын борбордук бөлүгүндөгү Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирет.

Анын ачылыш аземине мурдагы премьер-министр Сапар Исаков өзү, мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаев жана өкмөттүн Ош облусундагы мурдагы өкүлү, азыркы калаа башчы Таалайбек Сарыбашов катышкан. Исаков өз сөзүндө «Ак-Бууранын үстүндөгү сахна уникалдуу, Орто Азияда жок» деп айткан.

Мэриядан сахна куруу демилгеси Кадырбаевге таандык экенин билдиришкен. Подиумду 16 млн 400 миң сомго «Сутранспромжилстрой» курулуш компаниясы курган. Жергиликтүү бийлик болсо сахнада маданий иш-чаралар өткөрүлүп тураарын жар салган.

Бирок бираздан кийин Ош мэриясынын бюджетинен сахна курулуш иштерине кошумча 3 миллион, кийин 1,5 миллиондой сом акча бөлүнгөн.

Бирок сахна курулгандан эки ай өткөн соң подиумдан жарака кетип, кафель сына баштаган. Жергиликтүү бийлик анын сапатында маселе жоктугун, сахнаны белгисиз тургундар атайын бузуп жатышканын билдиришкен. «Клооп» ошол кезде бул боюнча видео репортаж даярдаган. Дээрлик 17 млн сомдун тагдыры сизди дале кызыктырса видеону көрүп чыгууну сунуштайбыз.

(ред. — материал даярдалып жатканда жергиликтүү бийлик сахнанын курулушуна 16 млн 400 миң сом жумшалганын кабарлаган, кошумча 4,5 млн сом бөлүнгөнүн видео жасалып бүткөндөн кийин билинген).