Бул президент Сооронбай Жээнбековдун 25-декабрда болуп өткөн жыл жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынында сүйлөгөн сөзүнөн алынган үзүндү. Биз анын «Азаттыктын» журналистинин бажыдагы коррупция тууралуу суроосуна берген жообун толугу менен өзгөртүүсүз келтиребиз.

«Пикир» рубрикасында жарыяланган материалдар автордун жеке пикирин чагылдырат.

Бажы системасы боюнча — бул абдан, кантип айтсам, эл аралык масштабдагы маселеге айланды. Муну мен туура түшүнүп турам. Мына мен жана айтып кеттим — мен бул бардык элдердей эле, айрыкча кыргыз элибиз бул коррупция дегенди абдан жек көрөт. Мына менин аракетим азыр, аракетим, ушу коррупцияны толук жоё албасам дагы, ушуну азайтыш, кыскартыш маселесинин артынан түшүп жатам.

Ошо жанагы эле айткандай, биринчи ошо коррупция менен күрөшкөн мамлекеттик органдарды тазалоо процессин, ошолор менен иш алып барып жатабыз. Эгер алар таза болсо, коррупция менен күрөш жеңил болот. Кайсы жерде коррупция бар? Кайсы жерде коррупция бар? Кайсы жерде ошону көзөмөлдөй турган укук коргоо органы аралашса ошол жерде коррупция жоюш кыйын болот. Ошондой иш жүрүп жатат. Бул маселени кандай жоёбуз? Бул маселе.

Биринчи санариптештирүү.

Бул маселени мына колго алып жатам. Ар кандай ылдыйкы [түшүнүксүз], жогорку [түшүнүксүз] схемалар бар. Ошонун бардыгын тең жалгыз көрүп, карап тура албайт экенсиң да. Муну система түзүш керек. Бул система — санариптештирүү.

«Түндүк» электрондук системасы мамлекеттик кызматкер менен, кызматкер менен ошол кызмат кыла турган биздин жарандын жолугушуусун жок кылуу. Муну алыста туруп мамлекеттик кызматта, органда кызмат көрсөтүшү керек. Мына ушуну киргизүү иним, мына ушул аракетин көрүп жатабыз, кылып жатабыз.

Мына мен эл менен жолукканда деле, айрыкча элетке барганда, расмий жолугушам, бейрасмий жолугушам элге барганда, элеттин элин билесиңер, алар ачык-айкын, адилет, чынчыл, эмгекчил келет, бардыгын бетке айтат, бул жерде коррупция эмес көп нерселерди барганда угуп келем. Угуп келем, а алар деле жолукканда айтып жатышат, айрыкча, көп нерсени айтып келип ушул коррупция менен күрөштү, ушу мамлекеттин, элдин ырыскысын жегендер боюнча аёосуз күрөш жүргүзүү боюнча маселени коюп келе жатат. Анын баары тең менин жүрөгүмдө, иним. Ал боюнча, мен дагы айтам, иш жүрүп жатат.

Эми бажы тармагы боюнча, бажы тармагы иним, бажы тармагы бул бир эле бизде эмес, бардык өлкөлөрдө кирешени алып келген тармак. Бул жерде чоң акча каражаты айланат, келет. Ал эми чоң акча каражаты айланган жерде коррупция бар.

Бизде деле бажыда коррупция бар, ал жашыруун эмес, аны мен ачык эле айтып жатам.

Айтып жатам керек болсо чыгарып алып сөгүп жатам, айтпаганды айтып жатам. Мына, бул аракеттер болуп жатат.

Бул бажы кызматы биз эгемендүү мамлекет болгондон баштап, 90-жылдардан бери май-талкандуу, коррупциялардын коррупцияланган адамдардын уюгу болуп келген. Уюгу болуп келген, 90-жылдардан бери. Мына билесиңер, ар бир президенттин башкаруусунда, мына элдин арасында дагы деле айтылып жүрөт, өзүнүн «кошелёктору», капчыктары болгон, капчыктары болгон. Менин максатым, мына 2 жыл бул аз мөөнөт аны жоюш үчүн. Менин максатым — ушул бажыда болобу, салыкта болобу, башка тармакта болобу ошол «кошелёктордун», капчыктардын баарын жок кылыш иним, жок кылыш менин максатым. Буга мен абдан кызыкдармын. Эмне үчүн дегенде, мен дагы, мен дагы, бул тарыхты жакшы билем, менин мөөнөтүм эки жыл өттү, мына, отчёт берип жатам. Алты жылдан кийин элди аралайм, жүрөм дагы, ошондо мен дагы башымды көтөрүп жүрө тургандай аракет кылышым керек. Аракет кылышым керек жатып албастан. Ошондо ийгилик болот. Мен деле. Максатым иним — келечекте ошо коррупцияны жоюп, ушу элге берген аманатты элге кайра тапшырып берейин деген менин дагы максатым бар.

Анан эми, бажы кызматында, мына, бажы кызматында ошол эгемен жылдары, эгемен жылдары “образно” айтканда, мына Райым деп жатпайсыңарбы, Матраимов, андай коррупционерлер, андай “образно” айтканда коррупционер ондоп эмес, жүздөп чыккан. Азыр ошо бажыда иштеген жөнөкөй, карапайым элди көрдүңөрбү? Анын мүлкүн, байлыгын көрсөң биринен бири ашат. Илгертен бери, 90-жылдардан бери келе жаткан. Мен айтып жатам дагы деле, башында: андай толтура, толтура. Маселе кайсыл жакта? Маселе мына биздин элибиз коррупцияны абдан жаман көрөт да, жаман көрөт, жек көрөт, аны баарыбыз жек көрөбүз, жаман көрөбүз. Мен элге жолуккандай айтып жатам: «жардам бергиле, коррупционерлер биздин арабызда баспай турган шарт түзөлү». Ал үчүн эл, баарыбыз көтөрүшүбүз керек. Рахмат ММКга, жазып жатасыңар, бизге абдан чоң жардам болуп жатат. Ошого реакция кылып жатабыз, биз да органдар менен ошону карап жатабыз.

Райым Матраимовдун маселеси бул ошол жылдары, мага чейинки жылдары…

Ошол биздин элибиздин баягы коррупцияны жек көргөнүн билип туруп, ошол коррупционерлер, коррупционерлер, ошол коррупционерлердин саясий технологдору, технологдору Райым Матраимовду коррупциянын символу кылып туруп, мына мага жабыштыргысы келип жатышат, мага жабыштыргысы келип жатышат.

Бул эми кантип айтсам?! Азыр мына, иним, мен дагы кызыкдармын ушуну аягына чыгарганга. Азыр мына митинг да болду, силер дагы бердиңер, бердиңер.

Азыр Улуттук коопсуздук комитетинин алдында, алдында атайын тергөө топ түзүлдү, ал иштеп жатат. Мына ошого өткөндө барышты, тапшырма берди. Мен дагы карап туруп атам. Буга убакыт керек. Бул ачык-айкын болот. Мына сотко беришти, сотко беришти.

Мен айтып жатканым, «факты» дегеним, ошол берген жүйөөлүү жанагы фактылар боюнча укук коргоо органдары иштей баштады артынан, түшө баштады. Мен ошону айтып жатам. Эгерде дагы билгениң болсо, келип ошол фактыларды бергиле, аларга жардам бергиле, тергөөгө келгиле. Мына силер айттыңар, эми аны юридикалык бекемдеш керек да аны, айткан нерсени. Сен айтып койсоң эле алып барып эле камап же бирөөнү кыла албайбыз да, 37-жыл эмес да. Аны бекемдеш керек. Юридикалык айткан кишилер келип, далилдеп берсин чогуу отуруп, анан кийин иш башталат, иш башталат. Ошол процесс азыр жүрүп жатат. Жүрүп жатат жана ошонун үстүндө иштеп жатышат.

Азыр менин маалыматым боюнча, маалыматым боюнча, азыр мына эки депутат келип кетти, Матраимов келип кетти, телевизордон көрдүм мен, Ширин Айтматова келип кетти, сурак берди. Ошо айткандардын баары келсин, сурак берип, бекемдеп берсин да. Ал күбө болмоюнча, алар издеп жатат, мына мамлекеттерге жөнөттү, анын мүлкү боюнча, менин маалыматым боюнча 13 мамлекетке кетти, кетти. Мына ал боюнча иш жүрүп жатат.

Анан эми, мына мен, бажыдагы коррупция боюнча, мына көрүп жатасыңар да, күрөш жүргүзүп жатам да.

Мына Райым Матраимов деле 23-ноябрда кетти, 24ү мен кызматка келдим, мага чейин болду да, бирок мен туура түшүнүп турам, азыр мамлекеттин президенти — Сооронбай Жээнбеков. Кандай саясий окуя болбосун, кандай иш болбосун бардыгы тең мени менен чечилиши керек. Азыр эл карабайт, ал мурун болгонбу, кийин болдубу. Бирок, мен президентмин, мен жооп беришим керек. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, көрүнүш.

Ошону эске алып туруп, азыр бажы кызматын, бажы кызматын толук фискалдаштыруу, санариптештирүү өткөзүп жатам. Эки жылда, эки жылда мен кубалап жүрүп, бардыгын тең, мына Россия Федерациясынын президентинин жардамы менен, могуну солгундатып, атайлап муну киргизген эмес, болбосо кылбайт беле санариптештирүүнү мага чейин, жасабайт беле, жасабайт беле 28 жылда?! Бардыгы тең мурун кандай болсо, бардыгы ошондой болуп келген. Эмне үчүн дегенде, ошол бажыны көзөмөлдөй турган органдар, ошол жетекчилер, президенттер өздөрү чогуу болгон схеманын үстүндө отурган, ошондуктан киргизишкен эмес. Азыр менде бажыдабы, башка тармактабы «кошелёк», капчык деген нерсе жок менде, мен жок кылганга кызыкдармын. Ошол үчүн санариптештирүүнү киргизип жатабыз.

Азыр Эркештам, Кытайдан келген Эркештам, Торугарт, андан тышкары төрт-алты жерге сканер коюлду, көрүп жатасың да? Муну дагы оңой киргизген жокпуз, күч менен киргиздик. Премьер артынан түшүп, чуркап жүрүп, кубалап жүрүп, мына үч жолу барып келди Торугартка, Эркештамга барды, мурун мен барганмын, акыбалды билем, премьер болуп жүргөндө мен да эки жолу барып келгем. Мына биздин максат, азыр мына эки күндөп эки саатта эки күндө өткөн жүк атайын коюп, коюп, азыр сканер бар, кирет 10-15 мүнөт, 5-10 мүнөттө жакшы иштесе, ичиндеги жүктүн бардыгы көрүнөт,көрүнөт, ошол менен чыгат.

Э, 5-6 камера коюлду!

Камерага Эркештамды дагы, Торугартты дагы. Э мурун эч ким билчү эмес, көрчү эмес.

Мына мен көрөм, премьердикин көрдүңөр кабинетинде турат, ар бир жаран сайтка кирип көрсүң, көрөсүң, ачык баары, айкын. Биз мына сууну берип жатабыз го, Токтогулдагы суу күнүгө канча кирди, канча кетти. Ошондой кылып бажыдан өткөн, өткөн машиналар, жүктөрдүн бардыгы тең, ошондой болуп бериле баштайт. Мен, жеткизебиз буга, жеткизебиз.

Мына азыр эки пункт калды, «Бор-Дөбө» менен «Достук». «Достукта» 33 үй бар эле, ошол чечилбей, чечилбей, мына Россиянын жардамы менен, Россиянын президенти жардам кылды, ачык айтайын муну, азыр ошолор эмки жылы башталат. Калгандары бүтүп жатат. Андан сырткары, фитосанитардык, ветеринардык пункттарды көзөмөлдөө жаңырып жатат, толугу менен, бардык пункттарда. Ошол үчүн бизден алып салышты баарын тең, мурунку.

Лабораторияны жаңыладык иним э, ушуну эметсин деп, мына ЕАЭБге экспорт кетсин деп.

Биз, мына менин максатым, көрөсүңөр, эки жылдан кийин бажы да башка болот, салык да башка болот, бюджет да көбөйөт, эмне үчүн дегенде санариптештирүүнү каалайбы, каалабайбы күч менен болсо да киргизебиз. Каражатты, мына кечээ дагы сүйлөшүп келдим Россиянын президенти менен, салыкка дагы макулдугун берди, жардам берет, биздин, тапшырма берди. Азыр салык боюнча дагы Россиянын системасы санариптештирүү боюнча, дүйнөдөгү эң алдыңкы система болуп калды азыр. Аны дагы киргизебиз иним.

Бажы боюнча, бажы боюнча мына айтып коёюн жыйынтык болот. Мурункудай болбойт иним, болбойт. Буга мен кызыкдармын.

Президент бажыдагы коррупция тууралуу эмне үчүн кечке жооп бергенин түшүнгөн жоксуңарбы? Бул тууралуу биздин иликтөөнү окуңуз:

Жибек жолундагы аткезчилик, коррупция жана кландар