Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өз резиденциясында журналисттер менен ар жылдык чоң жолугушуусун өткөрдү. Жолугушууга 92 ЖМКнын ичинен 200дөй журналист келди.

Суроо берүүчүлөр кантип тандалган?

Президенттин басма сөз кызматы үч басылманы атап, алардын журналисттери чыгып, суроо узатып жатышты. Үч суроо удаа берилип, андан кийин президент алардын суроосуна жооп берип жатты. Мындай тартип ага ыңгайсыз суроолорду түшүрүп, аларга жетишээрлик көңүл бурбоого мүмкүнчүлүк түзгөн. Жыйынтыгында 30дай суроо берилген, бирок «Клоопко» сөз берилген жок.

Президент эмнелерди айтып берди?

Жыйындын убакытынын көп бөлүгү Жээнбековдун айткандарына кетти — ал өзүнүн башкарган жылынын жыйынтыктарын, санариптештирүү, Кытайга экспорт жана башкалар тууралуу айтып берди.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент бажы башчысынын эк-орун басары Райымбек Матраимов үчүн башкы коррупционердин образын саясий технологдор ойлоп табышкандыгы тууралуу пикири менен бөлүштү. Президенттин пикирине ылайык, быжы кызматы «Матраимовдор сыяктуулар жүздөп саналган» коррупционерлердин уюугу. Матраимов коррупционер экенине президент юридикалык ырастоолорсуз ишенүүдөн баш тартууда.

Ал коррупция тууралуу көп нерсе айтты— ал ушул жылы коррупцияга каршы кантип күрөшкөнүн, президент боло электе күрөшкөнү жөнүндө айтты. Бул кыйын иш экенине даттанды. Ал ЖМКларга DDoS чабуулдар болгону тууралуу жооп берип жатып да коррупция жөнүндө айта кетти. Буга чейин Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын баалуу аксессуарларынын баасы тууралуу материалды жарыялашкандан кийин жергиликтүү басылмалар кибер чабуулга кабылышкан. Президент чабуулдар тууралуу кабардар экенин билдирип, бийликтин кибер коопсуздук боюнча стратегиясы бар экенин белгилеп өттү.

Президент журналисттик иликтөөнүн фигуранты Хабибулла Абдукадыр менен тааныш экенин тастыктады. Абдукадыр Кыргызстандан чыгарылып кеткен акчалардын изин жашырган компаниялардын ээси жана кытайлык бизнесмен. Өз кезегинде Кыргызстандын чыгарылган акчалар аткезчилик жана салык төлөөдөн буйтоодон түшкөн акчалар.

Жээнбеков инаугурациясына Абдукадырды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагылар чакырганын айтты. Буга чейин Атамбевдин үзөңгүлөшү Фарид Ниязов муну төгүндөгөн. Ниязовдун айтымында, Абдукадырды тек гана Жээнбеков жакын досу катары чакырган, ошол себептен улам бизнесмен президенттин үй-бүлөсү менен бирге отурган.

Ошондой эле президент адамдар башка өлкөлөргө чыгып, ал жактан эмгек мигранттарына айланбашы үчүн Кыргызстанда иш орундары түзүлөт деп убада кылды. Мындан тышкары, ал элчилик кызматка талапкер Азимбек Бекназаровду мактап, аны өзү сунуштаганын жана көркөм сүрөт искусство музейиндеги аялдын жылаңачтанып перфоманс көрсөткөнүнө кабатырланганын айтты.

Түз эфир:

Тексттик трансляция: