Айсулуу Мамашева «Ата Мекен» фракциясынын лидерлигине шайланды

Депутат Айсулуу Мамашева «Ата Мекен» фракциясына лидеп болуп шайланды. Фракция лидерлигине Мамашевадан тышкары, Садык Шер-Нияз да талапкер болуп, экөө тең бештен добуш алышкан. Бирок Шер-Нияз лидерликтен баш тартып, орунду Мамашевага бошоткон.

«Жаштар аракет кылып көрсүн. Биздин беш үзөңгүлөшубүздүн чыгып кетүүсү партия жаңыланышы керектигин көрсөтүп турса керек», — деди ал.

Мамашева нес болуп атканын жана мындай чечимди күтпөгөнүн кабарлады.

Буга чейин фракциянын Алмамбет Шыкмаматов жетектеп турган, бирок ал партиянын башчысы Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестиктен улам мандатын тапшырып, «Ата Мекенден» чыгып кеткен. Шыкмаматов менен бирге партиядан дагы төрт депутат чыгып кеткен: Ташполот Балтабаев, Талант Узакбаев, Рысбек Мырзаматов жана Болот Шер.