Материал 13:50дө жаңыртылды.

«Бек Эйр» авиакомпаниясынын учагы бүгүн эртең менен Алматадан учкандан кийин көп өтпөй эле кыйраган. Ал бортундагы 100 жүргүнчүсү менен Алмата облусунун Кызыл-Ту кыштагынынын жанына кулаган. 15 адамдын каза тапканы тастыкталды, дагы 66 аман калган адам тууралуу белгилүү.

Учак бортунда 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон — пилот каза тапкан. 14 адам кырсык болгон жерде дароо мүрт кетип, дагы бир жүргүнчү ооруканадан көз жумган.

ТИМдин маалыматы боюнча, учакта Кыргызстандын бир жараны болгон. Учурда ал ооруканада болгону кабарланууда.

Каза болгондордун арасында Казакстандын «Информбюро» басылмасынын журналисти Дана Круглова да бар.

66 адам жабыркап, бирок аман калышкан, алардын ичинен 22си оор абалда. Бортто жети кийичинекей бала болгону, алардын ичинен үчөө ымыркай курагындагы балдар экени белгилүү.

Социалдык тармактарда жарыяланган видеолордон жардам сурап кыйкырып жаткан жүргүнчүлөрдүн үндөрүн угууга болот. Инстаграмдагы бир видеодон учактын урандыларынан бир кыз чыгып келатканын көрсө болот.

Жабыркаган балдар Балдарга кечиктирилгиз жардам көрсөтүү борборуна, ал эми чоңдор Алматанын 4-шаардык ооруканасына жеткирилген.

Аман калгандар

Аман-соо калгандардын бири кыйроо жөнүндө Mash телеграм каналына айтып берген.

«Биз бир аз көтөрүлүп баратканбыз, дагы көбүрөөк силкилдей баштады, жыйынтыгында кандайдыр бир кагылышуу болду. Силкилдөөдөн баары кулай баштады… Кыйкырыктар… Бирөө авариялык эшикти сындырып, баары чыгып жөнөштү», — деп айтып берди Гүлнара Кошенова.

Аман калгандар тууралуу жүргүнчүлөрдүн туугандары менен баарлашкан балдар ооруканасынын психологу Айгүл Чубарова да айтып берген.

«Бортто үй-бүлө болгон: күйөөсү, аялы жана кичинекей балдар. Учурда балдар балдар ооруканасында, аларга алгачкы жардам көрсөтүлүп жатат. Апасында бул жакка алып келишти, бирок атасын азырынча таппай жатышат», — дейт Чубарова. Алматанын психологдору жабыркагандар жана алардын жакын туугандары менен күн-түн иштешишет.

Алгачкы казак лоу-костери

«Бек Эйр» компаниясынын «Фоккер 100» учагы Алматадан таңкы 7:05те учуп чыккан жана «ФлайтРадар» сайтынын маалыматына ылайык, учуп жатканда кулаган.

Алмата аэропорту журналисттерге кырсык саат 7:22де болгонун кабарлады. Күбөлөрдүн соцтармактарга жарыялаган тасмасында учак бетон тосмого урунуп, андан кийин эки кабаттуу имаратты сүзгөнүн көрүүгө болот.

Казакстандын ӨКМнин маалыматына ылайык, учак Алмата аэропортундагы учуу-конуу тилкесинен дароо түштүк-чыгышта жайгашкан Гүлдала кыштагында кыйраган.

«Бэк Эйр» авиакомпаниясы 1999-жылы негизделген жана акыркы убакта жүргүнчүлөрдү арзан авиабилеттер менен өзүнө тартып келген.