Аталган чакыруу кагаздарын Ош шаардык ИИБи 10-январда «Клооптун» журналисти Элдияр Бакировго жана оператору Хамидулло Узаковго тапшырды. Бирок, Бакировду алгач суракка алып, андан кийин чакыруу кагазын беришкен. Бул канчалык мыйзамдуу экенин тактап жатабыз.

Узаков 11-январь күнү саат 10:00дө сурак берет. Эгер чакырылгандар суракка келбесе, милицияга күч менен алып барууну убадалашууда. Мындан тышкары, бүгүн Ош ШИИБи «Клооптун» айдоочусу Бекболсун Кайыповду суракка алган. Суракка алууга Руслан Матраимовдун арызы себеп болгон. Ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси.

Кененирээк төмөнкү материалда окуңуз:

Матраимовдун арызы боюнча «Клооптун» айдоочусу жана журналисти суракка алынды. Оператор эртең сурак берет