Суракка алынган «Клооптун» айдоочусу Бекболсун Кайыпов

Эмне болду?

Ош ШИИБи «Клооптун» айдоочусу Бекболсун Кайыповду жана журналисти Элдияр Бакировду 10-январда суракка алды. Бакировго суракка чакыруу кагазы арткы дата менен тапшырылган. Андан кийин операторубуз Хамидулло Узаковго суракка келүү тууралуу кагаз жөнөтүлгөн. Узаков эртең саат 10до суралат.

Элдияр Бакиров жана Хамидулло Узаков

Анын суракка алынышына Руслан Матраимовдун арызы себеп болгон. Ал бажы башчысынын мурдагы орун басары, коррупция жана аткезчилик тууралуу журналисттик иликтөөнүн фигуранты Райымбек Матраимовдун иниси.

Матраимов съемка жасаган команданын ишмердигин текшерүүнү талап кылган. Алар анын үйүнүн жанындагы каралбай калган үйдү тартып жатышкан эле. Матраимовдун айтымында, журналисттер анын үйүн тартып, жеке жашоосунун кол тийбестигин бузушкан жана анын коопсуздугуна шек келтиришкен.

Айдоочуну ЖКККББ аркылуу автоунаанын номери боюнча табышкан. Ага аймактык милиционер телефон чалып чакырган. Кайыпов ЖКККББга келгенде аны милицияга суракка алып кетишкен.

Матраимовдорго таандык болгон «Исмаил ата» кайрымдуулук фондун жетектеген Руслан Матраимов

Журналисттер чындыгында эмнени тартышкан?

«Клооптун» кызматкерлери 9-январда Ош шаарындагы Ленин көчөсү 308 дареги боюнча жайгашкан кароосуз калган имаратты тасмага тартышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча ал мыйзамсыз курулган.

Журналисттер буга чейин аталган курулуш боюнча маморгандарга бир нече ирет сурам кат жиберишкен — документтер милицияга берилди. Мындан тышкары, милиция тартылган видео съемканы берүүнү талап кылды. «Клооп» аларды берүүгө макул, бирок бербей деле коюуга болот болчу, анткени журналисттер мыйзамсыз эч нерсе кылышкан эмес.

Тексттик трансляция:

(function(d, s, id) { var js, fjs = d.getElementsByTagName(s)[0]; if (d.getElementById(id)) return; js = d.createElement(s); js.id = id; js.src = "//wtrfall.com/widget.js?id=191"; fjs.parentNode.insertBefore(js, fjs); }(document, 'script', 'wtf-embed'));(function() { if (!window.WTF || !WTF.bootstrap || !WTF.bootstrap("wtf-broadcast-5433a0c4cdffe7c595e264b4")) setTimeout(arguments.callee, 50); }());